Бүгүн, 9-июль күнү эртең менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын тик учагы Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшүп, төрт куткаруучу жаракат алган. Жаракат алган куткаруучуларды алып келүү үчүн кырсык болгон жерге Башкы штабдын экинчи тик учагы жөнөп кеткен болчу. Учурда алар Бишкекке жиберилгенин SUPER.KG'ге Башкы штабдан кабарлашты.
Ми-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учак бүгүн эртең менен Хан-Теңири чокусунда калып калган чет өлкөлүк альпинистти куткарууга барып, бирок бороондун катуулугунан улам Хан-Теңири чокусуна жакын Түштүк Эңилчек мөңгүсү тарапка кулап түшкөн. Натыйжада тик учактагы 4 куткаруучу жаракат алган. Ал эми кырсыкка кабылган тик учак боюнча азырынча маалымат бериле элек.