Өлкөдө абанын температурасы жогорулап, бийик тоолуу өрөөндөрдө суу ташкыны күтүлөт

Аба ырайынын жогорулашы менен бийик тоолуу өрөөндөрдөгү көлдөрдүн ташып кетүү коркунучу жогорулайт. Мындай маалымат 9-июль күнү ӨКМнын аппараттык кеңешмесинде айтылды.

Аппараттык кеңешмеде Кыргыз Республикасынын ӨКМнын Гидрометеорологиялык агенттигинин жетекчиси Зарылбек Итибаев акыркы мезгилдердеги абанын температурасынын жогорулашы боюнча маалымат берип, июль айы кооптуу экендигин билдирди.

“8-июль күнү абанын температурасы жогорку чекке жакындады, алдыда мындан да кооптуу аба ырайы күтүлүп жатат. Анткени абанын температурасы мындан да жогорулап, ошол эле мезгилде тоолуу райондордо жана тоолордо өткүн өтүп, кыска мөөнөттөгү жамгыр менен коштолот. Бул болсо дарыялардагы суулардын жогорулашына алып келет”, - деди Итибаев.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарынын башчыларына жогорудагы маалыматка өзгөчө көңүл буруп, жергиликтүү бийлик башчылары менен биргеликте кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Андан сырткары бийик тоолордогу ташып кетүү коркунучу бар көлдөргө тез арада байкоо жүргүзүү зарыл экендигин белгиледи.

“Мендеги маалымат боюнча, Кыргыз жергесинде жыл сайын бийик тоолордо 2000ге жакын жырып кетүү коркунучу бар көлдөр пайда болот. Алардын ичинен 300гө жакыны ар кандай категориядагы коркунучта болушса, жыл сайын 20дан 40ка чейин 1 жана 2-категорияга кирип, өзгөчө коркунуч жаратат. Эң кооптуулары Челек-Төр, Тез-Төр, Аксай көлдөрү. Демек, бул багыттагы жумуштар бир күн да кечикпеши керек”, - деди министр.

Ошондой эле аппараттык кеңешменин жүрүшүндө бийик тоолордогу көлдөргө байкоо жүргүзүү үчүн министрликте тик учактын жок экени маселе жаратып жаткандыгы айтылды. “Кыргыз өлкөсүндөгү тик учак бузулган абалда, ал эми башка тараптар менен тик учак маселесин чечүү да оор болуп жатат” , - деди министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков. Бул маселе боюнча тез арада Кыргыз өкмөтүнө кат аркылуу кайрылуу зарыл экендигин министр Нурболот Мирзахмедов баса белгилеп, бирок тик учакты карап отура бербей, башка ыкмалар менен изилдөө иштерин жүргүзө берүүнү тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks94.kb
2018-07-09 18:31:58
Тук учак жок болсо кантип изилдемек эленер аттин биздин олко кандай да болоор экен келечек
+1
Akniet_kg96
2018-07-10 08:08:19
Кудай озу сактасын суу быйыл аябай коп болотат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан