КҮНСЕРЕП: Оштун "кожоюндары" алмашат

Бүгүн, 9-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Оштун мэрлигине талапкер тандалды. Эске салсак, 3-июлда Айтмамат Кадырбаев жаңы кызматка которулгандыгына байланыштуу креслону бошоткон эле. Бүгүн өлкөнүн экинчи борборундагы шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы жыйын өткөрүп, анда бир добуштан талапкер катары Таалайбек Сарыбашов сунушталды. Андан башка шаар башчылыгына азырынча талапкер жок. Мыйзамга ылайык, мэрликке талапкер көрсөтүү укугуна фракциялар, көпчүлүк коалициясы жана өкмөт башчы ээ. Коалициялык көпчүлүккө КСДП (16 мандат), “Бир бол” (5 мандат) жана “Мекеним Кыргызстан” (6 мандат) фракциялары кирет. Ал эми оппозициялык азчылыкта “Кыргызстан” (9 мандат), “Республика-Ата Журт” (5 мандат) жана “Өнүгүү-Прогресс” (4 мандат) бар. Эки тараптын айырмасы 9 добушту түзөт, көпчүлүк 27 мандатка ээлик кылса, шаардык кеңеш жалпы 45 депутаттан турат.

Мэрликке көрсөтүлүп жаткан талапкерге токтолсок... Анын ысымы бул кызматка келчүлөрдүн арасында айтылып жаткан. Таалайбек Сарыбашов 46 жашта, Алай районунун Гүлчө айылынан болот. Адистиги боюнча юрист. Дээрлик 20 жылга чукул мамлекеттик кызматта эмес, бизнес тармагында эмгектенген. 2008-жылы Алай райондук кеңешине депутат болуп шайланып, 2012-2015-жылдары аталган райондун акими болуп турган. 2015-жылы Ош облусуна өкмөттүн өкүлү болуп дайындалган. Андыктан, эгерде Сарыбашов мэр болуп шайланып калса, анда Ошто дагы бир чоң кызматтын, тагыраагы облус башчысынын орду бошойт.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева социалдык тармактагы баракчасына “мэрлик үчүн олуттуу күрөш жүрүп жатат, олуттуу адамдар “өз кишисин” алып келүү жарышына түштү” деп жазган. Ош шаарынын мэрин шайлоо 18-июлда болуп өтөт. Демек, ага дейре экинчи бош калчу кресло үчүн да күрөш уланат...

Ички иштер министрлиги кыз ала качуу үчүн жазаны күчөткөн мыйзам долбоорду коомдун талкуусуна чыгарды. Сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, 17 жашка толо элек адам менен иш жүзүндө мажбурлап үйлөнгөндөргө 300 миң сомго чейин айып пул салып, 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралууда. Азыркы мыйзам боюнча мындай аракеттерди жасагандарга 10-50 миң сом айып пул салынат же 2 жылга чейин түзөтүү иштерине тартылат же 2-5 жылга чейин эркиндиги чектелет.

Мындан тышкары никелик мамилеге өтүү үчүн 17 жашка жете элек адамды ала качкандарга 200 миң сомго чейин айып пул салып, 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу демилгеленүүдө. Азыркы мыйзам боюнча кыз ала качкандар 5-10 жылга гана кесилет.

Ошондой эле аялды никеге турууга же никелешип чогуу жашоону улантууга мажбурлаганда же никелешүү үчүн анын эркине каршы ала качканда, ошого тете аялдын никеге турушуна тоскоолдук кылганда жаза 200 миң сомго чейин айып пул салуу же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу деп өзгөртүлмөкчү. Азыркы мыйзам боюнча бул ишке барган адамга 10-20 миң сомго чейин айып пул салынат же 3 жылга чейин анын эркиндиги чектелет.

Министрлик ошондой эле акыркы 5 жылдагы статистиканы да бөлүштү. Кыз ала качуу боюнча 895 маалымат катталса, анын 80 пайыздан ашуун фактысына кылмыш ишин козгоодон баш тартылган. Баш тартылган фактылардын жарымынан көбү кылмыштын курамы жок деп иш козголбой калган окуялар. Соңку эле жылды ала турган болсок, сотко жөнөтүлгөн 28 кылмыш ишинин 11ине карата кылмыш иштери токтотулган, 16 адам шарттуу мөөнөткө соттолгон жана 1 гана кишиге карата чыныгы жаза мөөнөтү берилген. Тагыраагы, ал жалгыз адам 5 жылга эркинен ажыратылган.

Эске салсак, кыз ала качуу боюнча жазаны күчөтүү боюнча өзгөрүүлөр акыркы жолу Кылмыш-жаза кодексине 2013-жылы киргизилген. Бирок милиция бөлүмүндө Бурулай аттуу жаш кыздын бычакталып өлтүрүлүшү Кылмыш-жаза кодексине 5 жыл мурун киргизилген чара коомубуздагы бул көйгөйдү токтотууга жетишсиз болуп жатканын далилдеди. Дегеле бул маркум кыздын өлүмүнө, жалпы кыз ала качууга карата бийликтин бир аптадан кийин реакция кылгандыгы да кыргыз коомчулугунун эле эмес, Ак Үй, Көк Үйдүн да кайдыгерлигинен кабар берет. Эми жогорудагы Ички иштер министрлиги абайлап күчөткөн өзгөрүүсү бул жапайы көрүнүштү түп тамыры менен жок кылууга алы жетеби?..

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан