Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тоо-кен тармагынын учурдагы абалы жана өнүктүрүү келечеги боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө кен иштетүү тармагында кыйла татаал жагдай түзүлүп, ал кызыкдар органдардын аракетсиздиги жана жөнгө салынбаган иши менен бир кыйла деңгээлде шартталган. "Учурда орун алган маселелер инвесторлордун ишин кыйындатып, экономиканын өнүгүүсүнө, өлкөнүн беделине жана анын инвестициялык жагымдуулугуна терс таасирин тийгизет.
Белгилүү болгондой, 2017-жылы ички дүң продукция түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 445 миллиард сомду түзүп, 2016-жылга карата 4,5 пайызга көбөйгөн. Бирок бул көрсөткүчтөр жетишүүнү камсыздай турган өсүү тенденциясына ээ. Биз көрүп тургандай, ири салык төлөөчү болуп саналган дээрлик бардык кендерде көйгөйлүү маселелер бар. Мындан тышкары бул тармактагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу бардыгы билишет. Мындай жагдайга жол бербөө зарыл. Түзүлгөн кырдаалдан чыгуу үчүн ыкчам чараларды көрүү керек", – деп белгиледи Абылгазиев.
Премьер-министр өзгөчө басым жасагандай, кен иштетүү тармагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү калктын ортосундагы маселе курч турат, бул көбүнесе тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө кедерги болот.
"Калктын каршылык аракеттери негизинен кен иштетүүчүлөрдүн ишмердиги тууралуу ишенимдүү маалыматтын жоктугу, мүмкүн болгон экологиялык тобокелдиктердин жаралышына кооптонуу менен шартталган. Бул тууралуу Тогуз-Торо районундагы Макмал кенинде, Жалал-Абад облусунун Бозумчак, Иштамберди жана башка кендерде болуп өткөн окуялар айтып турат. Тендердик процедуралардын жетик эместиги бул тармакка инвестиция салууга даяр көптөгөн инвесторлорду артка түртөт.
Мындан тышкары лицензиялык макулдашууда көрсөтүлгөн милдеттерди аткарууну мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдөө тийиштүү деңгээлде жүрбөй жатат. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо маселеси биз үчүн башкы болушу кажет. Пайдалуу кендерди казуу айлана-чөйрөгө аз зыян келтирген заманбап технологияларды колдонуу менен жүргүзүлөт. Жакынкы убактарда тоо-кен иштетүү тармагынын маселеси Коопсуздук кеңешинин жыйынында каралып, мында буга өзгөчө көңүл бурулат", – деп билдирди Абылгазиев.
Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов тоо-кен тармагындагы негизги маселелерди белгиледи, алардын арасында кен пайдаланууну мыйзамдык жөнгө салуу бар.
Ошону менен бирге өкмөт башчы белгилегендей, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын айрым кызматкерлери кендерди иштетүү учурунда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын бузууларды аныктоо боюнча текшерүүлөрдү өткөрүү багытында өз кызматтык милдеттерин аткарбай жатышат.
"Эгерде мындай инспекторлор жер-жерлерде өз иштерин аткара албай жатышса, аларга карата кызматынан бошотууга чейинки тиешелүү тартиптик жаза чаралары көрүлүшү керек", – деди Абылгазиев.
Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга айлана-чөйрөнү жана экологияны коргоо, кендерди иштетүүдө техникалык процесстерди сактоо, ошондой эле жерлерди рекультивациялоо маселелери боюнча ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү тапшырды. Ошону менен бирге кендерде иштеген жергиликтүү жарандар үчүн жана чет элдиктерге бирдей эмгек шарттарын түзүү маселесин иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.
Мындан тышкары Абылгазиев адистердин кендерге өз убагында чыгууларын камсыздоону, жер-жерлерде келишпестиктердин алдын алуу үчүн калк менен туруктуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, ошондой эле кен иштетүү тармагындагы коррупция менен реалдуу күрөштү баштоону милдеттендирди.
Өкмөт башчы кеңешменин жүрүшүндө берилген тапшырмаларды аткаруунун жүрүшү жеке көзөмөлүндө болорун эскертти.