Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын президенттик кызматка киришүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, салтанат 9-июлда Түркия Республикасынын Анкара шаарында болуп өттү. Аземге бир топ өлкөнүн жетекчилери, өкмөт башчылары чакырылган, алардын катарында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, казак өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев да бар.
Айта кетсек, 9-июль күнү Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен Сооронбай Жээнбеков Анкара шаарына Түркиянын президентинин кызматка киришүү аземине катышуу үчүн жөнөп кеткен.
Эске салсак, Түркияда 24-июнда өткөн президенттик шайлоодо Режеп Тайип Эрдоган кайрадан өлкө башчысы болуп шайланган. Ал шайлоочулардын 52,55 пайыз добушуна ээ болгон.