Биз социалдык тармакта

Күндүн ысыктыгы 5 күн катары менен 40 градустан жогору болсо, анда жумуш убактысы кыскартылат

Эгерде күндүн ысыктыгы 5 күн катары менен 40 градустан жогору болсо, анда жумуш убактысы кыскартылат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз катчысы Кымбат Кадыралиева кабарлады. Анын айтымында, азырынча жумуш убактысын кыскартууга негиз жок.

"Кыргызгидрометтин берип жаткан маалыматына караганда, күндүн ысыктыгы акыркы 4-5 күн аралыгында бир күн гана 40 градуска жетти. Башка күндөрү 37...38 градуска чейин болуп жатат. 5 күн катары менен 40 градустан ашпаса, анда жумуш убактысы да кыскартылбайт", - деди Кадыралиева.

Кыргызгидрометтин берген маалыматына караганда, 7-июлдан 9-июлга чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 35 градустан 40 градуска жетсе, бүгүн, 10-июлда да ошондой эле көрсөткүчтөгү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Өлкөнүн башка облустарында жана тоолуу аймактарында жылуулук 35 градуска чейин көтөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Azat.97
2018-07-10 11:37:04
37-38° деп бере бересинер да.Негизи 42-44° ка чейин жетип атат окшойт
+21
Nurzada_0111
2018-07-10 11:49:07
40тан ашып жатат го кыргыз гидромет кондиционер иштеп жаткан жерден текшерип жаткан жоксунарбы
+26
shnaider
2018-07-10 12:29:25
Ошто кече 44 болду
+11
Karakash
2018-07-10 15:59:14
Ысыктын айынан чыдабай калып, муздак жерлерди издей баштадык.Бул 40градустан ашып 44-45градусс болуп кетти
+8
Saidochka
2018-07-10 17:21:18
Гидромет туура эмес маалымат берип атат,40тан ашып атканына 4 күн болду Ошто,а мугалимдерди ушул күндөрү мектептин айланасын тазалатып,ысыкта чөп чаптырып атышат.а алар отпуска башталганына карабай иштеп атабыз дешет
+7
Modric10
2018-07-10 17:47:04
Россияга келгиле .бирок куртканарды ала келгиле
+11
eddi.
2018-07-11 07:38:34
Зарылбек Итибаев деген айтып жатат,60 градус деп
-1
Nevestkaa
2018-07-11 09:13:09
Росс.күн ачылбай койду го,жеңил куртка (ветровка)кийип жүрөбүз.
+3
altyn7776
2018-07-11 10:20:06
Гидрометцентр уят! Каратып туруп алдайсынар, бакча балдарын алдап жаткандай. 3-4кундон бери 43-44 ту корсотуп жатат. Уялбайсынарбы туура эмес маалымат бергенден?
+1
Hanzada.sabih
2018-07-11 10:34:27
Гидромет уялсанар боло!депутаттар ошо компенсацияга берилчу акчаны да оздору жегиси келип,элге жалган маалымат берип жатасынар!Кыргызстан деги онолобу?
+1
Liliia
2018-07-11 11:41:42
неге кАрАтЫп туруп жалган айтышат тооба 42-44°болуп атат
+2
Modric10
2018-07-11 17:18:59
туну тошок жамынмай жокбу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан