"Туруктуу элдик кыймыл" уюму күздө жалпы элдик курултай өткөргөнү жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда маалымат жыйынында жарандык активист Айбек Мырза билдирди.
Анын айтымында, курултайды өткөрүү ушул жылдын октябрь айына белгиленген.
"Курултайды өткөрүүнүн максаты - президент Сооронбай Жээнбековдун бир жыл аралыгындагы иштерин угуу жана коомдогу чуулгандуу окуялардан жыйынтык чыгаруусун талап кылуу. Президент коомдо болгон орчундуу окуяларга өз баасын жана бир жылдык отчётун бериш керек", - деди Айбек Мырза.