"Жактоочу Нурбек Токтакунов "УКМК Сапар Исаковго козголгон кылмыш иши боюнча материалдарды берүүдөн баш тартты" деп билдирди. Бирок бул маалымат чындыкка дал келбейт", - деп бүгүн, 10-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, Кылмыш-жаза кодексине ылайык, жактоочу кармоо протоколу, тергөө иштери боюнча протоколу, документтер менен таанышканга укуктуу. "Тергөө иштери аягына чыккандан кийин бардык материалдар менен таанышса болот. Тергөө иши аяктагандан кийин жактоочу материалдар менен таанышып, көчүрмөсүн алууга укуктуу. Тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин талаптарына ылайык иш жүргүзүшүүдө", - деп билдирет УКМК.
Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн үстүнөн сотко арыз берген. Ал Сапар Исаковдун ишин тергеп жаткан УКМКнын тергөөчүсү аталган иш боюнча материалдардын көчүрмөсүн бербей койгондугу үчүн арызданганын айткан. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөөчүлөр жактоочуларга материалдардын көчүрмөлөрүн бербесин" деген токтом чыгарган.
Эске салсак, Сапар Исаковго 29-май күнү "коррупция" беренеси менен айып тагылган. Бир нече жолу суракка чакырылгандан кийин ал 2 айга камакка алынган. Бишкектин Биринчи Май райондук соту Исаковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, УКМКнын СИЗОсуна тергөө бүткөнгө чейин камоо чечимин кабыл алган.