"Солнышко" пансионаты Улуттук олимпиадалык комитетине убактылуу бекер пайдаланууга берилди

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Солнышко" пансионаты Улуттук олимпиадалык комитетине убактылуу бекер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

"Бул чечим мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү максатында кабыл алынды. Аталган пансионат Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылындагы аянты 11,029 гектар жер тилкесинде жайгашкан. Мүлктүк комплекс 5 кыймылсыз мүлкү менен Улуттук олимпиадалык комитетине 49 жылдык мөөнөткө убактылуу бекер пайдаланууга өткөрүп берилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан