СУПЕРСТАН: Балалык сүйүүңүз менен бир үй-бүлөнүн мамилесине жарака кетирип алышыңыз мүмкүн

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "20 жыл өткөн соң өз сүйүүмдү билдирсем болобу?" деген тема талкууга алынган.

Автор: "Бул 20 жыл мурда болгон тагдырым. Балалыкта шайыр жана тентек жигит элем. Досторум үчүн өтө шок көрүнгөнүм менен, бир дагы кызга өз махабатымды, сүйүүмдү арнай алган эмесмин. 8-класста окуп жүргөндө балалык сезим менен эки классташ кызымды жактырдым. Аларга күндө сагыз белекке берчүмүн (1995-жылдары сагыз кымбат болчу). Бирок окуу бүткөн соң мен жактырып, сүйүүмдү кошуп берген сагыздардын бардыгы партанын астына жармашкан бойдон кала берди. Мен ал нерселерге өкүнбөйм. Анткени сезимдеримди аларга айткан эмесмин, айтууга эрким да жеткен эмес. Арадан көп өтпөй бизге башка айылдан келген кызга көзүм түштү. Анын атасы райондун акими болчу. Ал кызды да сыртынан жактырып жүрүп сезимимди айта алган жокмун. Ал 9-классты аяктаган соң башка мектепке кетти. 10-класска көчкөндө окуучулардын саны азайып, биздин "в" классты жоюп, "б" класска аралаштырып, 2 гана класс болуп калдык. Мына ошол "б" класстан бир классташымды жактырып калдым, бирок сүйүүмдү ал кызга дагы билдире албадым...

Окуяны толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

- "Автор, капа болбой эле кой, бул мүнөзүң менен 20 жылдан кийин дагы айта албайсың. Сенин кандай экениңди элестеттим".

- "Эми үй-бүлөлүү экенсиз, айтканда эмне пайда? Бойдок болсоңуз бир жөн... Сиздин алдыңызда жаш баламын, ошентсе да кеңешимди айтышым керек".

- "Ошондо азыр деле сүйөсүзбү же кандай? Эгер азыр деле сүйсөңүз, айтуунун кереги жок. Анан азыр дос катары мамиледе болсоңор анда, "сен ошондо мага жакчусуң" деп тамаша аралаштырып айтып, күлүп алгыла, өткөндү эстеп".

- "Окуп жүргөн, сүйүүсүн айта албай жүргөндөр, муну окуп алып, тура калып чуркап кетишкендир "Азыр айтпасам, 20 жылдан соң форумдан кеңеш сурап калышым мүмкүн экен" деп. Эркек киши чечкиндүү болгону жакшы! Уятты кийинки орунга коюп же жыйыштырып эле..."

- "Эмнеге болбосун? Эдмон Дантес (граф Монте Кристо) деле 14 жылдан кийин кекенген кегин алып жатпайбы".

- "Үй-бүлө курган соң кайдагы сүйүү? Келин алып, кыз бере турган куракка келип калсаңыз да, сүйүүмдү арнайынбы дегениңиз кызык экен. Бул жаштагылар жашоого олуттуу карап, кеменин багытын бир жакка буруп, ошол багыт менен жолун улайт эмеспи. А сиздин оюңуз бир эле сүйүү менен чектелип, өткөн жараатыңыз кайрадан күч ала баштаган го. Эмне кереги бар? Классташ кызыңыз үй-бүлөлүү, бирөөнүн жаркылдаган келинчеги болсо керек. Жолдошу угуп же билип калса кандай ойдо калат? Ушул нерсени ойлодуңуз бекен? Өткөн-кеткен балалык сүйүүңүз менен бир үй-бүлөнүн мамилесине жарака кетирип алышыңыз мүмкүн".

- "Үй-бүлөлүү болсоңуз, кереги жок го дейм. Жетпей калган нерсе дайыма таттуу, кызыктуу көрүнө берет".

- "А менин 23 жыл мурдагы сүйүүм айтылбай калып кеткен. Акыры унутулуп деле калды. Бир иним айткандай, эми кайдагы сүйүү, балдарым чоңоюп турат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан