Журналист Турат Акимов: "Жээнбеков Конгантиев бошотулбасын, жаза алсын десе, анда иши кыскартылбай жүрө бермек"

Молдомуса Конгантиевдин сотсуз акталганы боюнча Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирсин деп Азимбек Бекназаров айтып чыкты. SUPER.KG порталынын сиз буга кошуласызбы? деген соболуна журналист Турат Акимовдун пикири.

Акимовдун айтымында, Конгантиевдин иши сот аркылуу чечилиш керек болчу.

"Революциянын изи сууду, өлгөндөрдүн арбактары тынч алды, туугандарынын ачуусу басылды, Конгантиев Таласта өзү колго түшүп, токмок жеп өз жазасын алды деген таризде бул кишини бошотту деп ойлойм. Юридикалык жагынан алып караганда, албетте, сот өкүмү чыгыш керек болчу. Алмазбек Атамбаев кетеринде "Альфаларды" мунапыс жарыялоо менен мөөнөтү өтүп кетти деп бошотту. Жээнбеков Конгантиевди бошотту. Ушинтип кыргыздын айкөлдүгүнө, көтөрүмдүүлүгүнө салынып саясат куралып барат.

Отунбаева менен Атамбаевдин эч кандай көз караштары жок, анткени булар түзмө-түз революциянын деми менен келген кишилер. Булар түндө келип бийлик бөлүштүрүп отуруп алгандары чын, 90 бала өлгөнүнө карабай эл менен бир саат болсо да кеңеш куруп койгон эмес. Ошондуктан булардын отургучу бош, үн ката албайт.

Бизде адилеттик табуу кыйын. Сот чечиминин баары саясатка айланып келген, ар бир соттун чечими ошол жогорку жакта отурган жетекчиге таандык болот. Эгер Сооронбай Жээнбеков Конгантиев бошотулбасын десе, анда бул киши жүрө бермек", - деди Акимов.


Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясий серепчи Игорь Шестаков, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жана КСДПнын пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан