Молдомуса Конгантиевдин сотсуз акталганы боюнча Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирсин деп Азимбек Бекназаров айтып чыкты. SUPER.KG порталынын сиз буга кошуласызбы? деген соболуна укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жооп берди.
Үмөталиеванын оюу боюнча, Конгантиевдин ишинин кыскартылышы ага эч качан аброй алып келбейт.
"Мен революцияга катыштым деп жар салбайм, бирок ошол жерде жаш балдар кырылбасын деп баргам. Бир үйдөн эки адам өлүп, чоң атасы аны көрүп эси оогон учурда кантип тура аласың. Конгантиевдин ишинин кыскартылышы ага эч качан аброй алып келбейт. Жээнбековду жандап акталышы генаралдын иши эмес. 2010-жылдагы октун атуулусуна ошол кездеги ИИМдин жетекчиси катары жүз пайыз тиешеси бар. Ок атуу Конгантиевдин моюнунда. Генерал катары Таласта эл менен сүйлөшкөндү билиши керек болчу, өз эли менен кантип сүйлөшө албайт. Эгер Таластагы окуя болбогондо Бишкекте ок атуу болбойт болчу. Форумду милиция менен курчабагынында биз ал күнү тарап эле кетмекпиз.
Ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катары Алмазбек Атамбаев, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин акталуусу боюнча өз оюн айтышы керек, айтпаса канчалаган азаматтардын каза болгону, ошол кездеги жоопкерчилик булардын моюнуна түшөт. Жээнбеков да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болчу, Оштун губернатору да болгон”, - деди Үмөталиева.
Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, саясий серепчи Игорь Шестаков, журналист Турат Акимов жана КСДП париясынын пикири төмөнкү шилтемеде.