Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина: "Конгантиев адам өлтүргүчтөрдүн бийлигине кызмат кылган"

Молдомуса Конгантиевдин сотсуз акталганы боюнча Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков өз пикирин билдирсин деп Азимбек Бекназаров айтып чыкты. SUPER.KG порталынын сиз буга кошуласызбы? деген соболуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина жооп берди.

Карамушкина Молдомуса Конгантиевди актагысы келгендердин аракеттери кандай иштерге түртүп жатканын айтты.

"Молдомуса Конгантиев ички иштер министри болуп турган учурда киши өлтүргүчтөрдүн бийлигине кызмат кылган, анткени Бакиевдердин тушунда саясатчыларды, депутаттарды, саясатчылардын балдарын жана журналисттерди өлтүрүп жатышкан. Конгантиев өлтүрүүгө тапшырма бергендердин жана аткаруучулардын баарын билген, бирок коркуп кызматтан кетпей, элди алдап, чындыкты жашырган, демек, Бакиевдер менен бирге болгон. 2010-жылы Таласта анын сабалганы жаман болду, бирок ал учурда элди токтотуу мүмкүн эмес болгон, ушунчага чейин жеткен.

Конгантиев мамлекеттик кылмышкерлерди жашырганы үчүн мыйзам боюнча кандай жазага тартылды? УКМК "Конгантиев элдик толкундоону токтотуу үчүн 6-апрелде милиция менен Таласка жөнөгөн" деп анын күнөөсү жок деп жатат. Ал толкундоону токтотушу да мүмкүн эле, бир топ адамдар камалмак, бирок өлкөнүн тагдыры жана тарыхы башкача болду - 7-апрелдеги революция орун алды. Эгер Конгантиев ак болсо, анда толкундоолорго катышканы үчүн "Элдик революциянын баатырларынын" бардыгына кылмыш ишин козгоп, каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө берилген батирлерди жана 1 миллион сомду мамлекеттик бюджетке кайтаруу керекпи? Ал эми жыйынтык катары бакиевдик бийликти чакырып, алардан кечирим сурашыбыз керекпи? Конгантиевди актагысы келгендердин аракеттери мына ушундай иштерге түртүүдө. Аны баары унутуп коюшкан, бирок кимдир бирөө акмактык кылып Убактылуу өкмөттү уят кылды жана эң негизгиси - өткөн жылдардагы окуяларды эстетип, коркунучтарга карабай жана өлүмдөн коркпой бийликтеги өлтүргүчтөргө жана коррупционерлерге каршы чыккандарды тынчсыздантты!" - деди Карамушкина.

Саясий серепчи Игорь Шестаков, КСДП, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева, журналист Турат Акимовдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан