Ысык-Көлдө сейрек кездешкен жырткыч канаттууну мыйзамсыз багып келген жаран кармалды

Ысык-Көл облусунда Кызыл китепке кирген жырткыч канаттуу ылаачынды үйүндө мыйзамсыз багып келген жаран кармалды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына NABU айлана-чөйрөнү коргоо уюмунун маалымат катчысы Зарина Эсенбаева билдирди.

Анын айтымында, июль айынын башында Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд жүргүзүлгөн.

"Аңчылык департаментинин кызматкерлери Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын А.Т. аттуу тургунун Кызыл китепке кирген жырткыч канаттуу ылаачынды үйүндө багып келген жеринен колго түшүрүшкөн. Аны текшерүүгө алганда анда эч кандай сейрек кездешкен жаныбарды колго багуу тууралуу уруксат кагазы болгон эмес. Колго түшкөн жаран кушту достору белекке бергендигин айтып, аны менен салбуурун фестивалына катышууга даярданып жүргөнүн билдирген. Ошондой эле анын үйүн тинтүүгө алганда куш таптоо үчүн пайдаланып келген түлкү менен кашкулактын терилери табылган. Бул факт боюнча Каракол шаардык аңчылык департаментинин кызматкерлери тарабынан протокол түзүлгөн. Ал эми мыйзамсыз багылып келген куш Аңчылык департаментинин карамагына өткөрүлүп берилген. Протоколдун негизинде кармалган адамды жоопкерчиликке тартуу үчүн иш укук коргоо жана сот органдарына кароого берилсе, жапайы канаттууну үй шартында кармаган жаранга 250 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн", - деди маалымат катчы.

Мамлекеттик Аңчылык департаментинин жобосуна ылайык, Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттууларды колго багуу үчүн Аңчылык департаментинен атайын уруксат кагаз алуу керек.

Айта кетсек, ылаачын - дүйнөдөгү эң тез учкан алгыр канаттуулардын бири. Алардын өңдөрү кара чаар, көк чаар жана ак чаар болот. Көлөмү ителгиден кем эмес. Саатына 120-180 чакырымды учуп өтө алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jalguzum
2018-07-10 23:08:37
Мындан башка проблема толтураго чондордун декларацияларын териштиргиле. Карапайым элге кучунорду коргозбой
+9
tynchy
2018-07-11 10:53:15
Коро албаган биро сасыды да андан коро Ысык-Колдун тегерегинде салынган торлорду тазалашса пайдалуу болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан