Кечээ, 10-июлда саясатчы Азимбек Бекназаров мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши кыскарганы боюнча маалымат жыйын өткөрдү. Маалымат жыйындагы Бекназаровдун сөзүнүн стенограммасын сунуштайбыз.
Бекназаров маалымат жыйынды эмне үчүн өткөргөндүгүнүн себеби тууралуу
Азимбек Бекназаров өткөрүп жаткан маалымат жыйында эч кандай саясат жок экенин айтты. “Маселе моралдык-нравалык жана укуктук жактан болуш керек. Мен 2010-жылы тергөөнүн куратору болгом. Конгантиев боюнча чечим чыккандан баштап мага ондогон журналисттер телефон чалышты. Мен эч кимдин телефон чалуусуна жооп берген жокмун. "Бекназаров болбогон нерсени саясатка айландырып жатат" деп айтышпасын деп жооп берген эмесмин. Бирок журналисттер эле эмес, Апрель окуясынын жабырлануучулары, катышуучулары, алардын жактоочулары мага кайрылып “сиз бир үнүңүздү чыгарып койбойсузбу? Куратор болбодуңуз эле, Когантиевдин иши ушинтип кыскартылып кала береби?” деп кайрылышты. Ойлонуп отуруп журналисттер аркылуу ошол күндөрдү, Конгантиевдин ишине байланыштуу билгендеримди айтып коюуну чечтим. Анткени бул боюнча карапайым эл, коомчулук жакшы билбейт. Мен Конгантиевди же азыркы бийликти күнөөлөйүн деген жокмун. Конгантиевди күнөөлүү деп айтканга укугум жок. Аны сот айтат. Бакиевдин режими, айрыкча Жаныш Бакиев жетектеген күч түзүмү кандай “монстр” болгонун билебиз. Андан бери 8 жыл өттү. Ошол убакта депутаттар тирүүлөй жоголуп, чоң-чоң аткаминерлерге чыпалак-кулактар жөнөтүлгөн. Оппозиция өкүлдөрүнүн өзүнө эле эмес, балдары, келиндерине чейин кылмыш иши козголгон. Бийлик 7-апрелдин алдында штаб түзгөн. Мамлекеттин ичинде мамлекет түзүлгөн. Күч түзүмдүн бардыгы ошол жерге мүчө болушкан. Акимдер, губернаторлор башка мамлекеттик органдар, бардыгы ошол штабга баш ийип берген. Бирок өзгөчө абал киргизилген эмес. Мыйзамсыз мамлекеттик бийлик толугу менен ошол штабга өткөн. Ошол штабдын мүчөлөрү 5 жылдан кийин соттолушту. 7-апрелде элди атып жатканда Карашевге окшогондор деле отурган. Бирок алар соттолгон жок. Себеби ал штабдын мүчөсү болгон эмес. Форумга куралдарды, бош патрондорду таштагыла, элдер аны көтөрүп алып Ак Үйгө келсин деген схеманы ошол штаб иштеп чыккан. Кээ бирлердин эч кандай күнөөсү жок болсо да штабдын мүчөсү, уюштуруучусу катары 7-8 жылдан эркинен ажыратылган. Ар бир эпизод боюнча тарых алдында, элдин алдында жооп берем. Куратор катары моюнума алгам. Анткени бул бетпак кылмыш болгон. Бийлик өзү мыйзамсыз штаб түзүп алып курал колдонуп жатат.
Конгантиев Таласка барып, оор жаракат алып өзүн билбей келген. Ошол жерден эл Акылбек Жапаров менен Конгантиевди барымтага алган. Жапаров менен Конгантиев кандай экенине карабай барымтадан күч менен түндөп алдыртканбыз. Конгантиевдин абалын көрүп, дарыланууга Москвага чейин жөнөткөнбүз. Конгантиевдин мага таарынгандай укугу да жок. Биз ага кандай жардам бергенибизди ал билбесе анын бир туугандары билет. Эгерде биз алардын ордунда болуп калсак, Бакиевдер бизге ошондой мамиле кылат беле?! Жок! 100 пайыз кепилдик берем, мындай мамиле болбойт болчу. Биз 7-апрелде эмне болгонун, 87 адамдын каны төгүлгөнүн, миңдей адамдын жарадар болгонун унуттук. Убактылуу өкмөт бийлик талашкан жок. Биз курултай өткөрүп, ошол кездеги президентке үй-бүлөңдү, Максимиңди, Жанышыңды бийликтен кетир дегенбиз. Бирок алар анын ордуна штаб түзүп, кайсы жерде болбосун Бириккен элдик кыймылдын мүчөлөрүн камагыла дешкен. Канчалаган оппозициячылдар камалган. Болот Шер Таластан, Алмазбек Атамбаевди, Өмүрбек Текебаевди үйүнөн камаган. Бул ошол штабдын иши болгон. Мен бүгүн айткан сөздү ошол кан менен бийликке келген Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев айтышы керек эле. Ошондой эле бул ойду азыркы президент айтыш керек болчу. 2010-жылдан бери мен 6 ай эле бийликте отурдум. Революциянын шарапаты менен келген үч президент Конгантиевдин кылмыш иши сотсуз кыскартылганы туура эмес деп айтышы зарыл эле. Анткени кан кургай элек. Канчасы жарадар, канчасы жетим-жесир болуп жүрөт. Бакиевдин “монстр” бийлигин орноткондордун кылмыш ишин акырын кыскартып койгон моралдык-нравалык жактан туура эмес", - деди Бекназаров.
Бекназаров Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышынын укуктук жагы тууралуу
Ал 7-апрель боюнча кылмыш иши штабдын үстүнөн козголгонун, штабдын мүчөлөрүнүн баары күнөөлүү деп табылганын айтты. "Молдомуса Конгантиев эсине келе албай жаткандыктан биз анын ишин өзүнчө бөлүп койгонбуз. Биз гумандуулук кылганбыз. Биз аны дарылатууга жөнөткөнбүз. 2010-жылы Конгантиевдин иши тергелген эмес. Калгандарынын иши тергелген. Бирок көп маселелер бар. Бакыйган күч түзүмүнүн, Ички иштер министрлигинин башчысы эмнеге жооп бербейт экен? Жогоруда айтылган чыпалак-кулактар, депутаттардын жоголушу, өлүшү, журналисттердин атылышына эмне үчүн ИИМ жооп бербейт? Бул иш боюнча укуктук жактан атайын тергөө аныктап, сотко жибериш керек. Бакиев баш болуп жазасын алышты. Конгантиев боюнча иш жабылып калса, бул мыйзамдуулукка жатпайт. Соттолгон адамдар биздин ишти кайрадан карагыла деп маселе көтөргөнгө укуктары бар.
Конгантиев сот аркылуу күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп табылышы керек. Бул иш саясат болуп кетет. Мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат деген сөздөр башталат. Мына ошондой саясат болбош үчүн муну сот гана чечиши керек. Сот чекит коюусу зарыл. 600-700 жабырлануучу болгон. Ачык сот болсун деп Спорт ордосун алганбыз. Ал жерге да бомба, граната коюп өткөрүшкөн жок. Конгантиевдин күнөөсү бар же жок экенин сот аныкташы керек. Ал боюнча унчукпай коюуга укугум жок. Бул менин милдетим. Интернетти карасаң кээ бир саясатчылар Конгантиевди жакшы жигит, жакшы милиционер деп айтып жатышат. Ооба, адамгерчилик менен айтып койсо болот. Бирок анын убагында болгон кылмыштуулукту каякка жашырабыз?! Унчукпай койсом болот эле, колумдан дагы эч нерсе келбейт. Жабырлануучуларга менин колумдан эч нерсе келбейт деп айттым. Алар жактоочу болуп бер дейт. Мен ошол кезде убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгондуктан, кечирип койгула, жактоочу боло албайм деп айттым. Анда КТРК аркылуу өзүңүздүн пикириңизди айтыңыз дейт. КТРКга мени 2001-жылдан бери чыгарбайт.
Азыркы бийлик жакшы иштерди жасап жатат, колдоп жатам. Аягына чейин жакшы иштерди жасайм десе, менин кайрылуум боюнча ал дагы өзүнүн пикирин айтууга акылуу, милдеттүү. Анткени ал үй-бүлөлүк башкаруу менен күрөшүүнүн башаты болгонун айткан. Президенттин ошол окуянын башатында турганы чын болсо, бул окуяларда өзүнүн пикирин айтышы керек. Бардык иш тергелип сотко өтүшү керек. Ансыз Конгантиев өзү дагы ыраазы болбойт. Бүгүнкү тергөөчүнүн кылган иши Конгантиевге, Сооронбай Жээнбековго каршы кылынган нерсе", - деди.
Бекназаров президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлгөн сунуштар тууралуу
Бекназаров "Туруктуу элдик кыймыл" Жээнбековду колдоп жатканынын фактысы тууралуу айтты. "Биз май айында Жээнбековго “бир гана ЖЭБдин иши боюнча токтоп калбагыла, Кумтөр, Батукаев, Дача-СУ боюнча ишти аягына чыгаргыла. Буюртма менен жасалган кылмыш иштерди, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин токтотулган иштерди аягына чыгаргыла, ошол иштер боюнча камакка алынган объектилердин башын чечкиле, улутташтырылган объектилер кайда кетти, ушуну чечкиле” деп сунуш жөнөткөнбүз. Биздин жардамыбыз ушул болуп жатат, биз сунуш берип жатабыз, бийликке жардам берүү деп ушуну түшүнөбүз. Акча ташып, кошомат кылып эмес, ушундай сунуш жардам болуп эсептелет. Бирок ушул убакка чейин бир да жооп болгон жок, парламентке, бардык фракцияларга жөнөтүлгөн. Жооп бир гана Никитенкодон келди. “Сиздин арызды биз Генеральныйга жибердик” мен жеке өзүм арыз жазгансып күлкүң келет. Мен аны алгандан кийин качан арыз жаздым эле деп кечке ойлондум. Көрсө, ТЭКтин жиберген катын ал арыз деп түшүнүп алыптыр, рахмат ага, ошентип болсо да жооп берип коюптур. “Эй, парламент, ЖЭБ маселесин силер көтөрүп жатасыңар, ошол менен кошо чечилбей, табышмактуу турган, ДачаСУда Атамбаевдин чын эле күнөөсү барбы же жокпу, Батукаевдин кетишине ким күнөөлүү, Кумтөр ушуга чейин коррупциялык схема менен иштеп жатат. Ушуларга чекит коюп кой, урматтуу Сооронбай Шарипович деп сунушту берип жатабыз. Ушуга чейин эч кимден жооп жок, жогоруда айткандай, Никитенкодон гана жооп келди", - деди ал.
Бекназаров учурда кандай позицияда экендиги тууралуу
Ал азыркы бийликке оппозиция дагы, позиция дагы эмес экенин билдирди. "Мени бардык президенттер оппозиция дагы кылбайт, Осмонакун да кылбайт, дежуру да кылбайт. Анткени алар мени андай боло албасымды билет. А бардык бийлик “ушул бала оппозиция болуш керек” деп менден чочуйт. Акаевден кийинки бардык бийлик мени оппозиция деп эсептейт. А азыркы бийлик кандай эсептейт мага эл алдында айта элек, а мен бул бийликти эл алдында колдоп келе жатам.
Азыркы бийлик - КСДП өзүнө өзү оппозиция, Атамбаев менен Жээнбеков бүгүн бири-бирине оппозиция. Булардын каймактуу жерлерди талашуусу бүтө элек, Кыргыз өлкөсүндө оппозиция бийлик, байлык талашуудан башталат. Бүгүн байлык, бийликти Жээнбеков менен Атамбаевдин эки тобу талашууда. Башка күчтөр жөн эле күтүп турабыз, “Жээнбеков сага мүмкүнчүлүк берели, саясий куугунтук, жасалма иштер менен камалгандарды аягына чыгарып койчу, Батукаевди ким качырганын, Кумтөр боюнча айтып койчу” деп жатабыз. Башка саясий күчтөр эч нерсе кылган жок. Ошондуктан азыркы бийликтин оппозициясы дагы позициясы дагы КСДП.
Бекназаров Конгантиевдин кылмыш иши эмне үчүн 8 жылдан кийин кыскартылгандыгы тууралуу
"Конгантиев боюнча, биринчиден, анын ден соолугу качантан баштап сурак бергенге жол берди. Себеби ал оор жаракат алган. Сурак бере алабы, бере албайбы. Тергөөчүлөр ошого жараша иш кылыш керек. Экинчиден, ал Жээнбековду колдогон сыяктуу эле Атамбаевди деле шайлоо учурунда колдогон, теледен баарыбыз эле көргөнбүз. 2010-жылы "Ата-Журт" партиясын колдогон, 2011-жылдан тартып КСДПнын лидерлерин колдойт, бул сыр эмес. Тергөөчү Конгантиев ким менен жүргөнүнө маани бербеш керек эле, иш турат, аны көргөндөн кийин тергөөчү тергөөнү улантыш керек эле. Себеби ден соолугу жакшы экенин теледен көрүп жатат, "кой" деп чакырып сураш керек эле. Менимче, тергөө жүргөн жок, шарт эле кыскартып койду.
Таластагы окуя боюнча милиция өзү күнөөлүү, эмне үчүн ошондо курултай өткөрөбүз деген лидерлерин кармап баса берет. Конгантиев менен Жапаров Таласта ок чыгаруунун алдын алышкан дешет. Таласта милициянын курал колдонууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес, 10-20 миңдеген эл чогулган. Нарында биз ошондо курултай өткөргөнбүз, мени кармайм деген милицияларды мен элден куткарып калгам, алар милиция эл менен дегенден кийин гана токтотушкан. Нарында да ок чыгаруу болгон, бирок эл мени тегеректеп кан төгүлүү болгон эмес. Эгер Таласта да Болот Шер болгондо ошондой окуя болбой, Конгантиев таяк жемек эмес", - дейт.
Бекназаров соттолгон саясатчылар тууралуу
"Буюртма, жасалма кылмыш иштеринин, сөз эркиндигине болгон кысымдын артында кимдер турат? Мен жасалма буюртма иш деп Текебаев менен Келдибековдун ишин айта алам. Себеби ал экөөнүн сотуна катышып көрдүм, ал жерде жасалма документтер. Текебаев дагы Келдибеков дагы соттолуп отурат. Далил боло алган документтер болгондо мен бул сөздү айтпайт элем.
Формалдуу состав менен отурган саясатчылар бар, Бектур Асановдун тобу, Талгарбековдун тобу. Бул топтор Конституциялык түзүлүштү күч менен басып алып, Атамбаевдин бийлигин басып алат деген чайканада отурган эки адамдын сөзү менен камалгандар. Укуктук жактан булар жөн эле прокурордун эскертүүсүн алуу менен бүтө турган иштер болчу. Чакырып эскертүү берип, дагы болбосо анан чара көрүш керек болчу. Булардыкы кылмыш иши эмес, формалдуу состав.
Мен Жээнбеков Текебаев, Асанов, Талгарбеков, Исаевдин иши боюнча чара көрөт го деп ойлогом, бирок ал Конгантиевдин ишин кыскартып жатат. Бул мага катуу тийди. Конгантиевдин иши сот аркылуу чечилбесе, бүгүн болбосо да эртең коомдо нааразычылык болот", - деди ал.