1-июлдан 1-сентябрга чейин оор жүк ташыган унааларга күндүзү жолдо жүрүүгө тыюу салынды. Мындай чечим күн ысык учурунда жолдордун бузулуусунан сактоо максатында кабыл алынганын 11-июлда Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Чечимге ылайык, күндүн ысыктыгы 25 градустан ашкан учурда салмагы 25 тоннадан ашкан унаалар эртең мененки саат 9дан, кечки саат 8ге чейин унаа жолдордо жүрүүсүнө тыюу салынат.
Ал эми гуманитардык жардам, эл ташыган, кооптуу жүктөрдү, атайын уруксат менен жүк ташыган унааларга мындай чектөө киргизилбейт.