Бүгүн, 11-июлда сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлери Ленин райондук соттун чечимин аткаруу үчүн Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мурдагы жубайы Мира Сыдыкова бир уул, бир кызы менен жашап жаткан Бишкектеги үйүн бошотуу талабы менен барышты. Түлеев Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу тараткан билдирүүсүнө караганда, ал үй мындан бир канча жыл мурун мыйзамдуу түрдө салынып, жубайынын жападан жалгыз мүлкү. Түлеев билдирүүсүндө президенттен Башкы прокуратурага ишти калыс карап чыгуу үчүн тапшырма берүүнү өтүндү.
Укук коргоочу Качкынбек Булатов учурда сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлерин Түлеевдин жакындары үйгө кирүүгө макулдук бербей жатышканын айтты. Анын билдиришинче, үй Түлеевдин уулунун атына жазылган.
Белгилей кетсек, 2017-жылы Бишкек шаарындагы "Сапат-центр" бизнес борбору менен "Караван" соода борбору Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагына алынган.