Мүлк фонду алууну көздөгөн үй Нариман Түлеевдин атасынан белекке калган

Бүгүн, 11-июлда сот аткаруучулар менен милиция кызматкерлери Ленин райондук соттун чечимин аткаруу үчүн Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин мурдагы жубайы Мира Сыдыкова бир уул, бир кызы менен жашап жаткан Бишкектеги үйүн бошотуу талабы менен барышкан. Бул окуя боюнча укук коргоочу Качкынбек Булатов SUPER.KG порталына буларды билдирди.

"Мүлк фонду алууну көздөп жаткан үйдү Нариман Түлеевдин атасы 2005-жылы салып, 2010-жылы небереси Санжар Нариман уулуна өткөрүп берген экен. Бирок Түлеевдин мүлктөрүн камакка алууда бул үй дагы тизмеге кошулган. Учурда милиция, Мүлк фондунун өкүлдөрү үйдү алуу үчүн каршылык көрсөтүүгө карабай үйгө кирүү аракетин көрүүдө", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2018-07-11 13:22:21
Атасынан калган уй болсо жон эле койгула да.
+5
Mamiev
2018-07-11 13:25:32
Мынчалык бети жоктук кылбагыла да.Тактап эгер чын эле атасынан калган болсо тийбегиле.Бир аз уят болсун...
+4
TalaCSKA
2018-07-11 13:42:42
Ушул адамды жон койсо болбойбу.мамлекетек келтирди деген чыгымдарынын баарын толоп берди турмого да олтуруп чыкты.тороговый центр, 10 этаж офисин чоон базасын алып койду.мамлекеттин эсебине алынды деп койуп ким иштетип жатат ким билет отчет берген адам жок. башка бир да коррупционердин мындай жазаланганын коргон жокмун.ушул адамга эле асылып туруп алыштыго.Матраимовту эмнеге жазалабайсынар.Калиев,Сарпашев,ж.б.у.с толтураго.
+9
Nurbollot
2018-07-11 13:50:07
кыргыздар боорукербизда кечире беребиз
0
Asyl10
2018-07-11 14:18:13
Тескерисинче,2005-жылы темир жолдо ген.директор болуп турганда тамды салган. 2008-2010-жылдары Нариман Тулеев Бишкекте мэр болуп турганда, артымдан чукуса,кол жууп калам деп атасына белек кылган.Бирок атасы мен эми карып калдым деп, мурас катары, небереси Санжардын атына откоруп койгон. Атасынан калган уй деп, Ата журтунда салынган, атасынын озунун тамын айтат. Кыргыздар илгертен уул-кызы дебей,ата конушума барып келейин деп атасынан уйуно барышат сагынып.
+1
Jelezo
2018-07-11 23:34:22
Атасынын үйү айылда бул үй Наримандыкы туура эле алып жатышат ичмектин чычмагы ушул да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан