2018-жылдын жарым жылдыгында ички дүң продукциянын көлөмү 214 миллиард сомду түздү

Бүгүн, 11-июлда Улуттук статистика комитети 2018-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, ИДПнын көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,1 пайызга көбөйгөн.

"Ички дүң продукциянын көлөмү быйыл январь айынан июнга чейин болжолдуу түрдө 214 миллиард сомду түздү. Былтыркы жылдын ушул айында ИДПнын көлөмү 194 миллиард сомго жакындап, 5,6 пайызга жеткен.

"Кумтөр" алтын кенин иштетип чыгаруу боюнча мекемени кошпогондо ИДПнын көлөмү бул жылы январь айынан июнга чейин 193 миллиард сомду түзүп, 2,1 пайызга көбөйгөн. Ал эми өткөн жылы "Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүүсү 3,1 пайызды түзгөн", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-июнь айларында 108 миллиард сомдон ашып, мурунку жылга салыштырмалуу 6,0 пайызга төмөндөгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belekus
2018-07-25 16:03:51
жабалы деп кыйкырган ишкананын пайдасын кордунорбу?
0
idin
2018-07-25 16:05:45
Belekus,эч ким корбойт, коргусу келбейтта
0
dysha
2018-07-25 16:05:07
Кумтөр" алтын кенин иштетип чыгаруу боюнча мекемени кошпогондо"
кошкондо канча болот? пенсия пособиелерге жетип калабы?
0
marik10
2018-07-25 16:07:52
тоо кен тармагын жакшылап иштетсек ИПД жогору болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан