УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 95 миллион 9 миң сом которду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.
УКМК тараткан маалыматта, каражат кайсы коррупциялык иштерден түшкөнү тууралуу маалымат айтылган эмес.
Ошондой эле Башкы прокуратура да атайын эсепке 39 миллион сом төккөнү белгилүү болгон.
Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.