Сырттан ташылып келген 2008-жылга чейин чыккан унааларга бажы салыгы төмөндөтүлбөйт

Өлкө аймагына сырттан ташылып келген эски унааларга бажы салыгы төмөндөтүлбөйт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Экономика министрлигинин эксперт-консултанты Айдарбек Самыкбаев билдирди.

Анын айтымында, эски унааларга карата бажы төлөмүнүн жогорулашы өлкөдөгү унааларды жаңылоо, эски унааларды азайтуу максатында жасалмакчы. Ал эми жаңы чыккан унаалар үчүн бажы төлөмдөр төмөндөтүлөт.

“Сырттан ташылып келген унаалардын 2008-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта чыгарылган жаңы унааларга бажы алымдарынын көлөмү төмөндөтүлгөн коюм менен каралган. Бирок бул жеңил унааларга гана тиешелүү. Жеңилдетүүгө жүк ташыган унаалар, автобустар кирбейт.

Ал эми 2008-жылга чейин чыккан унаалар үчүн бажы төлөмү чоңойтулган коюм каралган. Ошондой эле электр унааларга же күйүүчү майга муктаж эмес электр энергиясы менен кубатталып жүргөн унааларга карата бажы төлөмдөрү төлөнбөйт”, - деди эксперт.

Эске салсак, кечээ, 10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн төмөндөтүү тууралуу токтомго кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BekAmir
2018-07-11 23:49:46
Ошондо жанагы эле акчасы коптор жаны унаа карапайым эл эски унаада калат экенда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан