Ош шаарынын мэрлигине талапкер Таалайбек Сарыбашов 11-июлда мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча сынак тапшырды. Бул тууралуу БШКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Сарыбашов сынак тапшырууда 7 кишиден турган комиссиянын алдында өз программасын кыргыз тилинде жазып, оозеки айтып берди жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” чыгармасынан көркөм окуду. Жыйынтыгында комиссия аны мамлекеттик тилде сабаттуу жазып, оюн түшүндүрүп, көркөм окуй алат деген чечимге келди.
Шаар мэрлигине шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция тарабынан жалгыз Таалайбек Сарыбашов сунушталган. Шаар башчысын шайлоо 18-июлда өтөт.
Шаарды 2014-жылдын январь айынан бери жетектеп келген Айтмамат Кадырбаев кызмат ордунан бошотулуп, Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалган.