"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу үй камагына чыгарылды

"Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова кырсыкка кабылган унаанын айдоочусу тергөө аяктагыча үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

"27-июнда Ысык-Көл облустук соту кырсыкка кабылган унаанын айдоочусун тергөө иштери аягына чыккыча үй камагына чыгарды. Учурда тергөө иштери болуп жатат", - деди маалымат катчы.

Эске салсак, 2-июнда саат 21:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунда Кыргыз өлкөсүнөн чыккан "Дүйнөнүн сулуу айымы-2018" наамынын ээси Сания Шакирова жол кырсыгына кабылып каза болгон. Унаа Чок-Тал айылынын кире беришиндеги мүрзөнү курчаган дубалды сүзүп алган. Окуя болгон жерден 31 жаштагы жүргүнчү алган жаракатынан улам Чолпон-Атадагы ооруканага жеткирилген. Ал эми айдоочу туугандары тарабынан Бишкек шаардык №4-ооруканага жеткирилген. Ал эми маркум Сания Шакированын сөөгү 4-июнь күнү Кара-Балта шаарында жерге берилген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
arena2014
2018-07-12 09:09:34
Канды кайнатасынарда. Дагы кандай тергоо болот?. Мас абалында айдап бирону олтургондон кийин дагы эмне керек силерге?
+9
altyn7776
2018-07-12 10:48:35
Паракор тергоочулор!
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан