Бүгүн, 12-июлда президент Сооронбай Жээнбеков "Манас Ордо" улуттук комплексине баруу менен өзүнүн Талас облусу боюнча иш сапарын баштады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы Талас районундагы Таш-Арык айылынын балдар бакчасынын курулушу жана Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолун оңдоо долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Бул долбоорлор боюнча маалыматты Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов беришти.
Жумушчу сапарынын алкагында президент Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, андагы "Чыңгыз Ордо" маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруунун жүрүшү менен таанышат.
Ошондой эле президент облустун тургундары менен жолугушат, агрардык, социалдык чөйрөлөрдөгү абал жана аймактардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштин жүрүшү менен таанышат.