Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пулдардын даректүүлүгү күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жөлөк пулдарды дайындоо жаатындагы бир катар жоболор, анын катарында аз камсыз болгон балалуу, муктаж үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулдардын даректүүлүгүн күчтөндүрүү тууралуу жобо бекитилген.
2018-жылдын 1-июлунан тарта үй-бүлөнүн аз камсыздалгандыгы боюнча жөлөк пулга муктаждыгы аныкталган учурда:
- пенсиянын бардык түрү эске алынбайт;
- жөлөк пулду дайындоодо айыл чарба жандыктарын эске алуу шарттары кайра каралып, жер үлүштөрүнөн жана короого караштуу тилкелерден алынган кирешелердин жаңы ченемдеринин долбоорлору иштелип чыкты.
"Мында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун айлык кирешенин бир адамга карата өлчөмү кепилденген минималдык кирешеден 900 сомдон ашпаган үй-бүлөлөр алат. Жөлөк пулунун өлчөмү 810 сом суммасында каралган. Пенсиялык камсыздоо укугуна ээ болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга социалдык жөлөк пул өлчөмү кайрадан эсептелинет. Токтом алкагында анын өлчөмү 2018-жылдын 1-июлунан тарта 33 пайыз жогорулатылып, алуучунун категориясына жараша 2 миң 700 сомдон 4 миң сомго чейинки сумманы түзөт. Райондук коэффициенттер орнотулган. Алыскы, бийик тоолуу пункттарда жашаган майыптыгы бар жактар үчүн социалдык жөлөк пулдун өлчөмү райондук коэффициентти эсепке алуу менен кайрадан эсептелет", - деп жазылат маалыматта.