Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын 18и чек арадан чыгып кетти

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир жергесинен келген 18 кыргыз 9-июлда кайра өз жерине кетишти. Миграция кызматынын басма сөз катчысы Куван Бекмуратовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, атайын топ аларды Ооганстан менен Тажикстандын чек арасындагы "Ишкашим" көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин коштоп барды. Алардын жол киресине жана тамак-ашына кеткен каражат Кыргыз өкмөтү тарабынан төлөнүп берилди.

"Чек ара, миграция кызматтарынын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган топ памирлик кыргыздарды Ооганстан менен Тажикстандын чек арасына чейин коштоп барды. 9-июлда памирликтер чек арадан ийгиликтүү өтүп, андан ары сапарын улап кетишти. Кыргыз жерине качан кайтышат, азырынча айта албайбыз. Бирок каникул учурунда туугандары менен учурашып, өз иштерин бүткөргөн соң кайтып келе тургандыгын айтышты. Чек арадан өтүп баратып, өкмөткө, элге ыраазычылыктарын билдиришти", - деди Бекмуратов.

Депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин 28-июндагы жыйынында памирлик эки үй-бүлө Кыргыз мамлекетинен кетүүгө камынып жатышканын айтып чыккан. Эл өкүлү алардын кайра кетип жатышын өкмөт тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жатканы менен түшүндүргөн.

Эске салсак, 2017-жылы өлкөгө Кичи жана Чоң Памирден 6 үй-бүлө, тагыраагы, 33 этникалык кыргыз келген. 2018-жылдын февралында дагы эки үй-бүлө көчүп келген эле.

Нарындагы памирлик кандаштар өз мекенине сапарын улап кетишти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Nuri1988Elim2010
2018-07-12 13:53:53
Ээх,биздикилер оз элин кыйратпайтго.
+23
Dembele84
2018-07-12 14:16:51
Тоодо топоз багып жургон туугандар бул жерге конушо албады окшойт.Окмот карайм деген деп отура бериш да болбойт да.Озубуздун тоолук туугандар жан талашып тирилик кылып журушот,окмот конул бурбаса деле.Ушунча конул бурганына да рахмат!Тамаш аш,кийим кече,уй жайын,билим берип баарын бекер карап атты,колдон келишинче.
+8
Medina87
2018-07-12 21:13:56
Dembele84,
Тоодо топоз багып денизчи?!
Алар эмне жыргананынан Памирде топоз багып журушуптурбу????
Ошончо кочуруп келип жепирейген жер тамга киргизип койсо мен да качмакмын артымды каравай!!
Коншу Казахстан этникалык казактарына не деген гана условиялар тузбоду. Козум менен коргонум учун айтып жатам.
+8
neizvesnyi
2018-07-12 21:45:08
Medina87,Ааа деп оозун ачып алма быш оозума туш деп жата берген болбойтта. Адам наржагынан аракети болуш керек. Байлык топтоп уй салуу ар бир адамдын озунун жонодомунон. Миллионерлер деле сизге окшогон адам ашыкча колу ашыкча буту жок сиздей адам. Озунун жондомун корсото алганы учун миллионер болтат. Сизда казакстан мазакстан дебей эле биздин мамлекетти казакстанга салыштырганы болбойт.Сиз дагы бай болуп кетин сизди эчким кармап турган жок
+1
bikusim
2018-07-12 14:22:40
Мамлекет тарабынан жер, уй берилбей бош калган бироолордун эски уйундо баш калакалап журушкон. Ошондуктан кайтууга мажбур болушту окшойт.
+13
Dalil
2018-07-12 14:33:11
Туулган жердин топурагы алтын деп бекеринен айтышпаган. Мейли ал жерде жашоо оор болсо да барибир ал жерди сагынары анык. Бул окуядан трагедия жасоонун кереги жок. Көпчүлүгү Памирде калышкан аларды сагынат дегендей. Мүмкүн болсо баарын көчүрүп келип Алайдын өзбектерге арендага берген жерине отурукташтыруу керек. Ансыз да айыл өкмөтү айткандай пайдаланбай жатса. Түпкү теги да Алайдан болуш керек булардын.
+6
33SUUN
2018-07-12 14:34:43
Кетпей эле чыдап бир-эки жыл жашап коруш керек эле. Чондорубуздун баардыгы эле онугуп орчуп жыргап кетээрибизге аз калды деп айтып жатышпайбы.
0
Krai
2018-07-12 14:40:34
Илгери бир бай тоодон булбул кушун кармап келип алтындан капас жасап туркун турлуу момо жемиш баарын дайындаган экен ошонтсе да булбул сайрабай койгон дешет бир куну бир мукам ун менен безеленип сайрап атканын угуп хан аны эмне жонундо сайрап жаткандыгын сурайт экен булбулдун унун тушунгондорду чакырып... Алар айткан экен булбул озунун чычырканактуу талаасын сагынып ун созуп атканын айтышат мына ошондо хан коё берет да аркасынан тушкулочу кандай уяда кандай жерде жашайт экен деп жонотсо
+5
Krai
2018-07-12 14:41:38
Кадимки эле чычыркпнактуу бадалда жашаганын корушот ошондо айткан экен...туулган жердин топурагы алтын деп...
+7
adiaza
2018-07-12 14:50:09
Тоодон алып келип кайра тоого (Нарын) алып келишип койгону туура эмес болуп калды. Окмот жактан да буларга конул бурулбай калды, жыргатабыз тигинтебиз деп соз менен
0
Modric10
2018-07-12 15:35:17
жолду билип алгандарын кара.булар баарыбир уйронбойт бул жакка
+4
Jasa
2018-07-12 20:41:50
Modric10,)))
+4
pat12
2018-07-12 15:45:46
Карагылык жашоого конуп калгандан кийин жаны шартка коно албай калышты.
0
asiana
2018-07-12 16:50:47
Алып келгенге жараша жер берип ,уй салганга , мал алганга мамлекет узак моонотко акча болуп берсе болмок. Жаш баланы алып келип ойнотуп алдап кайра жибергендей болуп калыптыр.
+13
Makain
2018-07-13 00:47:55
Туугандар каяка барып жашап условия түзүп берсе да өзүң туулуп өскөн жерге жетпейт ошондуктан кетти.
+2
Zamka79
2018-07-13 01:49:47
Бишкек мери кайда экенин билбейт атышат...
Кече келген боордошторду булар эсепке оюна деле албайт...
+2
Birimdik5555
2018-07-13 02:10:19
Ии байкуштар коно алышпады окшойт,ишке жарамдууларын ишке орноштуруп же болбосо бирден жандык берип койсо ошолорду багып тирилик кылмак беле
+5
Mital.89
2018-07-13 04:09:52
Кытай бергиче оз элинерге 1 гектар жер берип койсонор болмок. Сууга жакынрак кайракы жер болсода болоберет эледа. Ал жакта тоого караганда жакшырак дейм.
+4
Modric10
2018-07-13 10:43:24
Mital.89,кыйнала бербегилечи.баардык шартын тузсон деле болбойт булар. тоо топоздорун сагынат
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан