Албек Ибраимов эмгек өргүүсүнө чыкты, бирок кайсы өлкөдө жүргөнү белгисиз

Социалдык түйүндөрдө "Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Кыргыз мамлекетинен качып кетти" деген сөздөр айтылууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына билдиргендей, мэр 10-июлдан баштап эмгек өргүүсүнө чыккан. Бирок басма сөз кызматы Албек Ибраимов учурда кайсы жакта жүргөнү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев мэр эмгек өргүүсүнө кетип жатканы боюнча аларга расмий билдирүү бербегенин айтты.

Айта кетсек, Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берген. Ага "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан