Эртең, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары биринчи вице-мэр Ринат Макеновдун камалышы боюнча маселени карайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык кеңештин депутаты Канатбек Мүзүралиев билдирди.
Анын айтымында, эртең депутаттар кезексиз жыйынга саат 9:00дө чогулат. "Мэрдин отчётун алып чыгууну сунуштайм. Биз мэрди угушубуз керек. Укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тергөө иши бүткөнгө чейин маалымат беришпейт", - деди Мүзүралиев.
Эске салсак, Макенов Бишкектин №12-кичи районундагы 3,38 гектар жер тилкесин жеке жактарга мыйзамсыз түрдө бөлүп жиберген деп шектелүүдө. Бишкек шаардык прокуратурасы аталган жердин менчикке берилиши боюнча ушул жылдын 5-июнунда кылмыш ишин козгоп, Макенов 6-июлда суракка чакыртылгандан кийин камакка алынган. Ошондой эле козголгон иштин алкагында мэриянын Жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Урмат Мурзаканов дагы камакка алынган.