Медиа Полиси институту: "Башкы прокуратура Манасбек Арабаев соттордун ишине кийлигишкендиги боюнча фактыларды таба алган жок"

Башкы прокуратура президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манасбек Арабаев соттордун ишине кийлигишкендиги боюнча фактыларды таба алган жок. Мындан улам кылмыш ишин козгоодон баш тартканын SUPER.KG'ге 12-июлда "Медиа Полиси институту" уюмунун жетекчиси Бегайым Үсөнова кабарлады. Анын айтымында, ал жетектеген институт буга чейин Арабаевдин соттордун ишине кийлигишкен же кийлигишпегенин текшерип чыгуу боюнча кайрылып, ушундай жооп алышкан.

"Башкы прокуратура мыйзамда көрсөтүлгөндөй ЖМКларга чыккан маалыматтар боюнча кылмышка аралашкандыгы боюнча текшерип чыгышы керек эле. Бирок биздин институт жазылып, айтылып жаткан маалыматтардын негизинде текшерип чыгуу боюнча кайрылган. Прокуратура Жогорку Соттон жана Тартип комиссиясынан маалыматтарды алып, анын соттордун ишине кийлигишкен же кийлигишпегенин текшерип чыгыптыр. Бирок эч кандай факты таба алышкан эмес. Ошондуктан кылмыш ишин козгоодон баш тартышты. Ошол эле учурда Арабаевдин өзүн чакырып сурашкан эмес. Мунун себебин факты таба алышпаганы менен түшүндүрүштү", - деди Үсөнова.

Ал эми Башкы прокуратура бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, буга чейин кылмыш иши козголуп, абакта отурган айрым саясатчылардын жактоочулары жана жакындары Манасбек Арабаев соттук иштерге кийлигишип жатканы боюнча байма-бай айтып чыгышкан.

Арабаев аталган кызматты 2015-жылдан бери жетектеп келип, 2018-жылдын 15-майында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгынын негизинде бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bazake
2018-07-12 17:48:23
Далил болбогондон кийин кантип күнөөлүү дейт адамды. Атамбаевдин буйруктарын ооз-эки аткарып тургандан кийин кандай факты болмок эле. Прокуратура мыйзамга таяп туура эле чечим чыгарыптыр.
-2
bekmirzach
2018-07-12 18:28:54
Атамбаевдин камчысын жапкан соттор артын ит жалагандай тазалоого жетишиптир. Азыр жоопкерчиликтен качканы менен жооп берер күнда алыс эмес.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан