Учурда Кыргыз өлкөсүндө 18 камсыздандыруучу компания иштеп жатат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (Мамфинкөзөмөлдүн) аткаруу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымына караганда, 9 компания 100 пайыз кыргыз капиталы менен иштеп жатса, 9 компания чет өлкөдөн келген капиталдын катышуусу менен иш алып барат.
"Камсыздандыруучу компаниялардын капиталынын жалпы суммасы ушул жылдын 1-кварталына карата 3 миллиард 332 миллион 300 миң сомду түздү. Ал эми активдеринин жалпы суммасы 4 миллиард сомдон ашкан. Ошондой эле ушул жылдын 1-кварталына карата камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү 20 миллион сомдон ашып, өткөн жылга салыштырмалуу 14 пайызга көбөйгөн", - деди Байбосунов.
Мамфинкөзөмөл мындан башка банктык эмес финансылык рынокту, бухгалтердик эсепти, финансылык отчёттуулукту жана аудитти кзөмөлдөөчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет. Ошондой эле лицензия берүүнүн бир нече багыттары боюнча иш алып барат.