Израиль аба күчтөрү Эль-Кунейтра провинциясына жакын жерде жайгашкан Сирия аскерлерине бир нече жолу ракеталык сокку жасады. Чет элдик басылмалардын жазганына таянсак, Сириянын абадан коргонуу күчтөрү Израилдин соккусуна жооп кайтарган.
Сириянын жергиликтүү бийлиги азырынча кырсыктан жапа чеккендер болбогонун айтып, материалдык чыгым келтирилгенин билдирген.
Израилдиктер бул аракетин Сирия учагынын аба чек арасын бузуп өткөнүнө жооп деп түшүндүргөн.
Айта кетсек, Сирия менен Израилдин ортосундагы пикир келишпестик 1973-жылкы согуштан бери келе жатат. 2011-жылдын март айынан бери уланып жаткан Сириядагы жарандык согушка чейин эки өлкөнүн чек арасында куралдуу чыр-чатактар басаңдай түшкөн.