Бүгүн, 12-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкектин мэри Албек Ибраимов кызматынан кол жууганы турат. Борбордук шаардын кеңеши эртең кезексиз жыйынга чогуларын жана анда мэрге ишенбестик көрсөтүлөрү айтылды. Бирок жыйынга шаар башчысынын катышары белгисиз. Мэриянын басма сөз кызматы бүгүн тараткан маалыматка караганда, Албек Ибраимов 10-июлда эмгек өргүүсүнө кеткен. Шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев мэр эмгек өргүүгө кетип жатканы боюнча аларга расмий билдирүү бербегенин айтты. Кененбаевдин маалыматына таянсак, эртең шаардык кеңеште Индира Жолдубаеваны парламент кызматтан кетиргендей көрүнүш орун алышы толук мүмкүн.
Кубанычбек Кулматов 2016-жылы февраль айында Бишкектин шаар башчылыгынан өз ыктыяры менен кеткен. Анын ордуна Албек Ибраимов 45 депутаттын 42синин колдоосу менен шайланган. Бирок 2016-жылдын декабрь айында болуп өткөн Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоонун жыйынтыгы Ибраимовго аз да болсо таасирин тийгизген. Анын талапкерлигин коалиция көрсөткөнү менен 2017-жылдын январында Албек Ибраимов буга чейинкидей 42 эмес, 29 депутаттын добушу менен шайланган. Жеңиш менен аяктоосу күмөн жараткан чыгар, мэр шайлоо күнү шаардык кеңештин алдында Ибраимовду колдогон митинг да болуп өткөн эле.
Албек Ибраимовдун шаар башчысы катары ишмердүүлүгү коомчулук тараптан көп сынга кабылып келди. Чү дегенде эле, мэр болуунун алдында тапшырган кыргыз тили боюнча сынакта каталарды кетиргени менен талкууга түшкөн. Мунун айынан “Т9” атыгып кеткен жайы бар. Акыркы жылдары Бишкек шаарында көчөлөр оңдоп-түзөөдөн өтүп жатканына жана башка себептерге байланыштуу көп сандагы бак-дарактар кыйылды. Жарандык активисттер мэрди “дровосек” деп, анын отставкасын талап кылган митингдерге чыгышты. Соңку чуулардын бири даанасы 9 миң сомдук көчөттөргө байланыштуу чыкты. Ушул жылдын апрель айында Албек Ибраимов кызматтан кетүү үчүн арыз жазганы тууралуу сөздөр тараган. Бирок аны мэр өзү төгүндөгөн. Ошол убакта шаардык кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясы мэрдин отчётун “канааттандырарлык эмес” деп таап, ага ишеним көрсөтпөө сунушун берген. Буга шаар башчы фракциянын чечими мыйзамдуу күчкө ээ эместигин айтып, анын ишине баа шаардык кеңештин жалпы жыйынында берилерин билдирген. Атүгүл Ибраимов мыйзамсыз жер бербей койгону жакпай калган шаардык кеңештин айрым депутаттары аны кызматтан кетирүүгө кызыкдар болуп жатканын айткан. Май айында шаардык кеңештин сессиясы өтүп, бирок отчётко жеткен эмес.
Бул аралыкта "Дастан" ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 2012-жылы январь айында "Дастан" Трансулуттук корпорациясы" ачык акционердик коомунун башкармалыгы менен "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коому жалпы суммасы 533 миң 760 доллар турган 80 даана атайын буюмдарды сатып алып, жеткирүү боюнча келишим түзүшкөн. Ар бир комплекттин баасы 6 миң 672 долларга бааланган. Ал эми "Дастан" мекемесинин мурунку кызматкери жетектеген "Дастан Инжиниринг" жоопкерчилиги чектелген коому Украинанын мамлекеттик хозрасчёттук компаниясынан аталган буюмдардын партиясын 14 миң 400 доллардан сатып алган, ал партияны алып келүүгө 49 миң доллар сарпталган. Жыйынтыгында ортодогу айырма 470 миң 360 долларга барабар болгон. Натыйжада аталган 2 ишкананын ортосунда баасы атайылап жогорулатылып түзүлгөн келишимдин негизинде мамлекетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилгенин, “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун УКМК билдирген. 13-июнда бул иш боюнча Ибраимов УКМКга сурак берип чыккан. Кийинчерээк КСДП Албек Ибраимов фигурант болгон кылмыш ишине байланыштуу билдирүү таратып, анда мэр “Атамбаевдин командасындагы адамдардын камалышында, мага козголгон кылмыш иште саясий себептер бар” деген.
“Дастан” ишканасына байланыштуу бүгүн дагы бир маалымат ачыкка чыкты. Тагыраагы, аталган ачык акционердик коомдун башкаруусунун төрагасы Юрий Васильев бүгүн УКМК тарабынан кармалганы белгилүү болду. Таратылган маалыматка ылайык, буга чейин “Дастан” ишканасынын “Күнөстүү жээк” пансионатынын акциясын төмөндөтүлгөн баада сатуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Юрий Васильев өз кезегинде “Дастандын” директорлор кеңешин башкарганга чейин “Автомаш-Радиатор” ЖЧКсында башкы директор болуп иштеген. Бул ЖЧК экс-президент Алмазбек Атамбаевге караштуу болгон “Кыргызавтомаш” акционердик коомуна тиешелүү.
Эртең Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйында Албек Ибраимовго ишенбестик көрсөтөт деген маалыматтын артынан “Дастан” ишканасына байланыштуу анын башчысы кармалгандыгы белгилүү болууда. Учурдагы саясий абалды эске алганда, бул окуяларды жөн гана дал келүү деп атоого болбойт. Мамлекеттик машина мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген аткаминерлердин тергөөгө илине турган иштерин четинен чууруп чыгып, тебелеп баратат. Соңку айларда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдарды ишенбестик көрсөтүү аркылуу кызматтан алуу трендге айланды...
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоодо эң аз добуш алган Талас облусуна иш сапары менен барды. Ал аталган облустан 12,61 пайыз гана добуш алган. Анын негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабанов туулган жери болгон дубандан 85,81 пайыз добуш алган.
Өлкө башчысынын Таласка болгон сапары алгач Манас атанын арбагына зыярат кылуу менен башталды. Андан соң ал Кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айылы Шекерге барып, андагы “Чыңгыз-Ордо” маданий-тарыхый мемориалдык музей-комплексин куруунун жүрүшү менен таанышты. Президентти Таластан чыккан Жогорку Кеңештин депутаттары КСДП фракциясынан Гүлкан Молдобекова, Рыскелди Момбеков, “Республика-Ата Журт” фракциясынан Зарылбек Рысалиев жандап жүрдү. Ошону менен катар эле президенттик ат салышууда Жээнбековдун атаандашы Бабановго жан тарткан Кенжебек Бокоев жана Мирлан Жээнчороев дагы президентти коштоп жүрүштү. Бирок коомчулуктун мамлекет башчыдан күткөнү башкада болду.
Бир аптадан бери экс-министр Молдомуса Конгантиевдин кылмыш иши УКМК тарабынан сотко жетпей жабылганы боюнча талкуу күчүндө. Сооронбай Жээнбеков Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айтты. Эске салсак, кечээ экс-президент Роза Отунбаева кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча “Конгантиев Бакиевдин кланына кызмат кылган, эл чыдап унчукпайт деп өргүү кезинде акырын жаап коюу туура эмес. Анын тагдырын сот гана чечиши керек” деген эле. Ага чейин экс-башкы проокурор Азимбек Бекназаров маалымат жыйын берип, анда "Молдомуса Конгантиев сот аркылуу күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп табылышы керек. Антпесе мунун артында Сооронбай Жээнбеков турат деген сөздөр башталат" деп чыккан.
Ошол эле учурда Конгантиевдин кылмыш ишин кыскартып салуу өңдүү иштер катардагы бир тергөөчүнүн деңгээлинде эч качан чечилбей тургандыгы белгилүү. Жогорку жетекчилик мындай иштерден кабарсыз калмак эмес. Эми жооп Башкы прокуратурада калды...