Өкмөт башчы ВСП+ макамынын алкагындагы иш-чаралардын деталдык планын иштеп чыгууну тапшырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев берилген ВСП+ макамынын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнө товарларды экспорттоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы аталган макам ата мекендик продукцияны Европа өлкөлөрүнүн рыногуна тоскоолдуксуз экспорттоо мүмкүндүгүн ача турганын белгиледи.

Абылгазиевдин айтымында, ВСП + жеңилдетилген сатуу рыногун кеңейтүү жана адам укугун, айлана-чөйрөнү жана эмгекти коргоо жаатындагы эл аралык конвенциялардын талаптарын аткаруучу катары өлкөнүн аброюн жогорулатуу эсебинен өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун арттырууга шарт түзөт. "Бүгүнкү күндө ВСП+ макамынын артыкчылыктарынын белгилүү бөлүгү гана пайдаланылып, жеңилдиктер толук эмес көлөмдө колдонулуп жатат", - деди өкмөт башчы.

Экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, бул макам 6 миңден ашуун товардык позициянын алымсыз жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Статистикага ылайык, 2016-жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун жалпы көлөмү алтынды экспорттоону эсепке албаганда, 72 миллион 300 миң долларды түзгөн, анын 4,4 пайызы гана ВСП+ жеңилдиктер режими алкагында жеңилдетилген тарифтик коюм боюнча бажыдан өткөрүлгөн.

Премьер-министр алга жылдырууга өзгөчө басым жасоо зарыл болгон ата мекендик продукциялардын кеңири белгилүү товардык позицияларын аныктоо зарылдыгын белгиледи.

"Биз европалык рынокто башкалардан айырмаланчу жана сатып алуучулар арасында кызыкчылык жараткан товарларды алга жылдыруубуз керек. Биз бул багытта тутумдук ишти жүргүзүүбүз зарыл", - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга эки жумалык мөөнөттө ВСП + макамынын алкагында ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспортту жогорулатууга багытталган иш-чаралардын деталдык планынын долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан