Бишкектеги карылар үйүнүн жетекчиси: "Күндүн ысык аптабы дагы бир катар кыйынчылыктарды жаратууда" (сүрөт)

Муфтият 2018-жылдагы битир-садагага чогулган акчадан Бишкектеги карылар үйүнө 50 миң сомдук жардам көрсөттү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Карылар үйүнүн жетекчиси Эркингүл Абдылдаева муфтият өкүлдөрү барган учурда аталган жайда 200дөй жаран жашап, алардын ден соолугу дарыгерлердин көзөмөлүндө экендигин айтты.

"Чындыгында мекемебизде абалы оор адамдар бар. Күндүн ысык аптабы дагы бир катар кыйынчылыктарды жаратууда. Сиздердин жыл сайын берген көмөгүңүздөргө абдан ыраазыбыз. Себеби муфтият бизге ар дайым колдоо көрсөтүп келет", - деди Эркингүл Абдылдаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2018-07-13 09:49:46
Жашында берсин мээнетти , каарыганда берсин доолотту. Балдарыбызга ыйман бер Кудайым. Таджикистанда ата-энеси каарылар уйундо журсо балдарына кылмыш козгоп камашат экен. Бизге деле ушул мыйзамды киргизип коюшса болмок. Кепкасын баса кийип уялбай.
+15
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан