Тажикстандын Хатлон облусунун Куляб районундагы төрөтканалардын биринде салмагы 7 килограмм 200 грамм болгон ымыркай төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, наристе 9-июль күнү кесарево жолу менен төрөлгөн. Дарыгерлердин айтымында, учурда эне-баланын абалы канааттандырарлык. Ал эми төрөт үйүнүн жетекчиси жана андагы дарыгерлер мындай окуя биринчи жолу катталганын айтышып, таң калгандарын жашырган эмес.
Алп наристени жарык дүйнөгө 30 жаштагы Тахмина Одинаева аттуу келин алып келген. Өзүнүн айтымында, бул анын бешинчи баласы. Ал буга чейинки балдары 3-4 килограмм салмакта төрөлгөнүн билдирген.
Белгилей кетсек, өткөн жылы Өзбекстанда 9 килограмм 870 грамм салмактагы кыз жарык дүйнөгө келген. Ал эми ушул жылдын январь айында Казакстанда салмагы 6 килограммдан ашуун ымыркай төрөлгөн.