Бишкек шаардык кеңештин депутаты Рыспай Аматов мэр Албек Ибраимов эмгек өргүүсүндө жүргөндө аны кызматтан кетирүүгө боло турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июлда журналисттерге билдирди.
"Бишкек шаардык кеңеши мэрге ишеним көрсөтпөө сунушун колдоп берсе, токтом премьер-министрге жөнөтүлөт. Өкмөт башчы 3 жумуш күн ичинде чечим кабыл алат.10 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы мэрди шайлоо мөөнөтүн жарыялайт. Ага чейин вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев мэрдин милдетин аткарат. 30дан ашык депутат сунушту колдосо, мэр кызматтан кетет", - дейт ал.
Учурда шаардык кеңештин кезексиз жыйынында мэрге ишеним көрсөтпөө маселеси каралууда.