Бүгүн, 13-июль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген ишенимдүү кадрларынын дагы бири креслосу менен коштошту. Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, борбор калаанын мэри Албек Ибраимовду ишенбестик көрсөтүү менен кызматтан кетирди. 45 депутаттын ичинен 40ы жыйынга катышып, алардын бардыгы мэрге каршы добуш берди.
Ибраимовду 2 жылдай колдоп, коргоп келген жана кеңештеги эң көп мандатка ээ КСДП фракциясы эмнеге 180 градуска бурулганын Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Алмаз Кененбаев түшүндүргөнгө аракет кылды. "Шаарда азыркыдай кырдаал болуп жатканда абдан жаман абалга алып келбесин деп ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алууну чечтик. Биринчи вице-мэр Ринат Макенов камакка алынганда мэрдин жумушун таштап эмгек өргүүгө кетип калганы туура эмес", - деди Кененбаев. Ошентсе да КСДПнын өкүлү, шаардык кеңештин төрагасы келтирген аргумент ынанымдуу угулган жок. Бир нерсе гана баарына түшүнүктүү болуп турат. Мурунку бийликте Атамбаевдин чөйрөсүнө жакын болууга аракет кылган, ошол чөйрөгө баш ийген аткаминерлердин баары шашылыш түрдө кийинки бийликтин жээгине өтүп жатышат.
Индира Жолдубаеваны, Сапар Исаковду "хоп-позициядагы" Жогорку Кеңеш ишеним көрсөтпөө жолу менен кызматтан кетирген сыяктуу, Ибраимовду да ошондой жол менен шаардык кеңеш кетирери алдын ала белгилүү болуп калган иш болчу. Бүгүн бул процесске караганда шаар башчынын кайда жүргөнү кызык болду. Өзүн кызматтан бошотуу процессине Албек Ибраимов катышкан жок. Мэрия аны эмгек өргүүсүндө деп алакан жайды. Шаардык кеңештин чечими чыккандан кийин Ибраимов жообун дароо жарыялады. Ал өзү кайда экенин айтпаганы менен, видеокайрылуусунда талаада турганын жана тоолордун фонун көрсөттү. Муну менен ал тоолуу мекенинин аймагынан чыкпаганын билдиргиси келдиби? Ибраимов мындан кийин дагы видеокайрылууларды жасап, кенен маалымат бере турганын айтып өттү. Өзүнүн салам-дубайында ага ишеним көрсөтпөө чечимин саясий буюртма деп атады.
Ибраимов тууралуу чечим чыккандан кийин Атамбаевдин да реакциясы көпкө күттүргөн жок. Экс-президент өзүнүн билдирүүсүн Ибраимов кайда жүргөнүн билбей турганы менен баштады. "Ибраимовдун жыйынга эмнеге катышпай калганынын себебин өзүнөн сураш керек. Анын жыйынга келбей калышына бир нече себеп болушу мүмкүн. Ал адилеттүү чечим кабыл алынарынан үмүтүн үзүп койгондур. Мындай көрүнүш коррупция менен күрөшүүгө эч кандай тиешеси жок экенин баары эле түшүнүп турат. Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматовго карата айыптоолордон кийин эч ким адилеттүүлүктөн үмүт кылбай калса керек", - деди экс-президент. Молдомуса Конгантиев соттук териштирүүсү жок эле УКМК тарабынан "акталып" кеткенине үн катпай отурган Алмазбек Атамбаевдин Албек Ибраимовдун кызматтан кетирилгенин сындап чыгуусу көпчүлүктү ойго салды. Албек Ибраимов менен Алмазбек Атамбаевди саясатчылар, өзгөчө оппозиция өкүлдөрү көптөн бери жөн гана жакын санаалаш эмес, чогуу коммерциялык, атүгүл коррупциялык кызыкчылыгы, байланыштары бар деп сындап келишет. Мына ошол адамдын кызматтан алынышына реакция кылып, андан алда канча маанилүү, өлкөнүн тарыхында өзгөчө орду, мааниси бар, 100гө жакын адамдын жаны кыйылган окуя боюнча үн катпай койгонунун сыры эмнеде? Атамбаевге акыйкаттык үчүн жанын берген "7-Апрель" баатырлары эмес, Албек Ибраимов "кымбатка" турат сыяктуу...