УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке дагы 13 миллион сомдон ашык каражат төктү

УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке дагы 13 миллион сомдон ашык каражат төктү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматынын маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке 12-июль күнү 13 миллион 300 миң сом төккөн. Айта кетсек, ушул эле эсепке УКМК мындан мурда 95 миллион 900 миң сом акча каражатын которгону белгилүү болгон. Буга ылайык аталган мамлекеттик органдын бүгүнкү күнгө карата төккөн каражатынын жалпы суммасы 109 миллион 200 миң сомду түздү.

Ошондой эле Башкы прокуратура да атайын эсепке 39 миллион сом төккөнү белгилүү болгон.

Эске салсак, 22-июнда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Tolkun555
2018-07-13 12:44:27
Зорсунарга.кана дагы ушундай иштесенер. Ишинерге
+4
Tolkun555
2018-07-13 12:45:27
Ийгилик каалаймын
+3
Tolkun555
2018-07-13 12:44:39
Ийгилик
+3
haydarkan
2018-07-13 12:52:06
Айнанайыын болот экенго мен омурумдо биринчи жолу угуп тан калып жатам. Молодцы ийгилик. Бул кетиш болсо бат эле онолуп кетчудойбуз
+8
portugalia
2018-07-13 14:58:32
Чын элеби же элди жок эле сумма менен алдап жатасыңарбы?
0
Elaigun1991
2018-07-13 18:17:25
Азыркы учурда крысалардын эн эле алсыздары колго тушуп жатканго , Ал эми чоон крысалар бар алар Карматпайтко себеби эми кармайын десе эле кармаган крысанын чонтогуно 10 миндеген $$$ тушуп калат
0
aidartegin
2018-07-13 18:34:01
Кимдер токту ошондо.... Атын жазып кара тизмеге киргизебис дебединер беле, эл ичинде баса албай калгандай кылып?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан