Дайынсыз болуп жаткан Бишкек шаарынын 62 жаштагы тургуну табылды

Туугандары тарабынан изделип жаткан Бишкек шаарынын 62 жаштагы тургуну Шермамат Бакиров табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда анын кызы Насыйкат Бакирова SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, атасы буга чейин дагы дайынсыз болуп, 3-4 күндөн кийин ЮРФА медициналык борборунун короосунан табылган. Бирок 3 күндөн кийин дагы үйдөн чыгып кеткен.

"Атам буга чейин дагы үйдөн чыгып кеткен. Экинчи ирет дайынсыз болгонунан көчөлөргө жарыя илип жүргөнбүз. Ошондо бейтааныш адам "Бишкекте амнезияга чалдыккан, дарегин билбей адашып жүргөн же барар жери жок жарандарды тейлеген "Коломто" деген борбор бар. Ошол жакка барып көргүлө" деп калды. Аталган борборго барып байланыш номерлерибизди калтырып келгенбиз. Бизге 12-июлда кечки саат 9 жарымда аталган борбордон телефон чалып, биз издеп жаткан жаран "Тез жардам" кызматы менен келип түшкөнүн маалымдашты. Жерине барып атабызды алып келдик. Азыр абалы жакшы", - деп билдирди.

Эске салсак, Шермамат Бакиров 11-июль күнү саат 10:00 чамасында Бишкек шаарындагы Бакаев 132 дарегинен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын кызы билдирип, аны табышууга коомчулуктан жардам сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shaa-82
2018-07-13 15:20:32
Балдары азамат экен. Ошончо эрезеге жеткирип окутуп, озу кийбей кийинтип, ичирип жедирген балдардын кобу азыр карылар уйуно таштап кетип атышатго соп сооле ата-энесин.
0
odin-takoy
2018-07-13 15:23:34
Мен ойлопмун албек ибраимов го деп дайынсыз болсо
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан