Унаалардын баасы арзандашы мүмкүн. Бажы кызматынын өкүлү Адилет Бердибеков 13-июлда өткөрүп жаткан маалымат жыйында муну сырттан ташылып келген унааларга карата бажы төлөмүнүн төмөндөтүлүшү менен түшүндүрдү.
Анын айтымында, заводдон 10 жыл мурун чыгып, кыймылдаткычынын көлөмү 2 миң куб сантиметр унаага бажы төлөмү 8 миң 200 доллар болгон болсо, жаңы төлөм менен 1000 доллар болот.
"Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге киргенден бери адамдардын өлкөгө унааларды ташып кирүүсүндө кыйынчылыктар болду. Анткени бажы төлөмү жогору болчу. Мисалы, азыр иштеп жаткан бажы тарифи боюнча эсептеп көрсөк, заводдон 10 жыл мурун чыгып, кыймылдаткычынын көлөмү 2 миң куб сантиметр унаага 8 миң 200 доллар бажы төлөмү алынат. Ал эми жаңы тариф боюнча ошол эле көлөмдөгү унаага 1 миң доллар алынат. Айырмасы чоң", - деди Бердибеков.
Эске салсак, 10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн төмөндөтүү тууралуу токтомго кол койгон.