Орусиялык рэпер Тиматиге жана ырчы Егор Кридге коомдук тартипти бузгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, Тимати менен Егор Крид 20-июндан 21-июнга караган түнү Тверь районундагы Большая Дмитровка көчөсүнө ак түстөгү жол тандабас менен келген. Алар унаасын көчөнүн чок ортосуна токтотуп, музыканын дабышын катуу чыгарган аппаратын коюп, өздөрү унаанын үстүнө чыгып алып этикага туура келбеген сөздөр менен рэп окуган. Алардын түшүнүксүз жоругу көчөдөгү жол тыгынын пайда кылып, тургундардын тынчын алган.
Коомдук эрежени сактабагандыгы үчүн Тимати менен Егор Крид аймактык тергөө бөлүмүнө чакырылган. Бирок ырчылар түшүндүрмө берүүгө барышкан эмес. Мындан улам Тверь РИИБи рэпер менен ырчыга карата кылмыш ишин козгоду.