Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канатбек Мүзүралиев мэрлик кызматка талапкер ким болору тууралуу кабары жок экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 13-июлда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
"Мен ким талапкер боло турганын билбейм. Азыркы учурда мэр башка облустан эмес, Чүй облусунан болушу керек деген сөздөр айтылууда. Эгерде ушундай сөздөр айтыла берсе, аймактар арасындагы бөлүнүү болушу мүмкүн. Албетте, бул туура эмес. Кыргыз жараны болгондон кийин кайсы облустан болсо дагы мэрликке талапкерлигин койгонго укуктуу", - деди ал.
Мындан тышкары Мүзүралиев мэрлик кызматка талапкерлигин койбой турганын айтты. "Мэрлик кызматка талапкерлигимди койбойм. Азырынча бул кызматка барууга мен жашмын", - деди депутат.