Кыргыз өлкөсүнө 2017-жылы ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн жеке адамдар аркылуу 68 унаа, 2016-жылы 67 гана унаа алынып келген. Бул тууралуу Экономика министрлигинин эксперти Айдар Самыкбаев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн жаңы кабыл алынган токтомунан кийин ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташылып келген унаалардын саны көбөйүшү мүмкүн.
“Статистикалык маалымат боюнча унаалардын үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келүүсүнүн кескин азайып кетишине бажы төлөмүнүн көбөйүп кетиши себеп болгон. Анткени Кыргыз өлкөсү 2014-жылы ЕАЭБге мүчө болуп жатканда биримдикке тиешелүү милдеттемелерди кабыл алган. Анда бажы төлөмдөрүнүн бирдиктүү баасы да кабыл алынган”, - деди Самыкбаев.
Эске салсак, 10-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө аймагына сырттан ташылып келген автоунааларга бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн төмөндөтүү тууралуу токтомго кол койгон.