Атамбаев шаардык кеңештин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечими тууралуу билдирүү жасады

Бүгүн, 13-июлда экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешинин Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечими тууралуу билдирүү жасады. Анын билдирүүсүн КСДПнын басма сөз кызматы таратты.

"Албек Ибраимовду өтө ыпластык менен кодулоонун жана саясий жүйөлөрдүн жыйынтыгы күн мурун эле белгилүү болуп турат.

Шаар кеңешинде болуп өткөн отурумга келбей калуусунун себебин мэрдин өзүнөн суроо керек. Балким, ага кабар жетпей калгандыр же депутаттар үчүн ушундай болгону ыңгайлуу чыгар. А балким, Ибраимовго бул териштирүүлөрдүн адилеттүүлүгүнө ишенбөөгө өтө көп негиздер бар чыгар.

Карап көргүлөчү, кандай гана жугундуларды куюп, ишке кандай гана тоскоолдуктарды жаратып жатышат! Жарым жылдан бери.

Бардык эле жоопту адамдар коррупцияга каршы күрөштө булардын эч кандай тиешеси жок экенин билишет. Ал эми Сапар Исаков менен Кубанычбек Кулматовду маанисиз айыптоолордон жана негизсиз кылмыштуу кысмакка алуудан кийин, өзгөчө, ЖЭБ иштери боюнча эксперттерди тикелей куугунтукка алуудан кийин кандай адам болбосун акыйкаттыктан үмүтүн үзүп коюшу мүмкүн. Коомчулук муну Коррупцияга каршы кызматынын мыйзамды жана моралдык принциптерди ачык эле, толук тоотпогондугу деп эбак эле айтып башташкан.

Албек Ибраимовду таасирдүү мэр деп эсептейм, анын убагында борбор шаарыбыздын чечилбестей көрүнгөн эсепсиз көйгөйлөрү биринин артынан бири чечиле баштабады беле. Ар дайым чечимдерди чечкиндүүлүк менен кабыл алчу, болгондо да кыйын, өткүр чечимдерди. Бирок шаардыктардын алдында дайыма өзү жооп берчү жана башкалардын артына жашынчу эмес. Бүгүн бул – адамдардагы өтө сейрек сапат болуп калды го”, - дейт Атамбаев.

Айта кетсек, Бишкек шаардык кеңеши бүгүн, 13-июлда кезексиз жыйынга чогулуп, добуш берүү аркылуу шаар башчысы Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алышты. Жалпы 40 депутат катышса, баары "макул" деп добуш беришти.

“Борбор калаанын статусу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаардык кеңеши тарабынан мэрге ишеним көрсөтүлбөгөн учурда премьер-министр аны кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга же шаардык кеңешинин чечими менен макул болбоого укуктуу.

Шаардык кеңеш мэрге кайра ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алса, 3 айдын ичинде премьер-министр аны ээлеген кызматынан бошотот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан