1957-жылы 14-июлда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мамырова Бөдөш Аманбаевна Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында туулган.
Жогорку билимдүү. 1982-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтун "окумуштуу-агроном" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Кыргыз жер кыртышын илимий изилдөө институтунда (ЖКИИ) лаборанттык кызматтан баштаган.
1985–1988-жылдары улук лаборант, агроном, андан кийин ЖКИИнин улук агроному, илимий кызматкери болуп эмгектенген.
1989-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Геология институтунда, андан кийин "Социализм" совхозунда сугат эсепчиси болуп иштеген.
1991-жылы – Кыргыз ССРинин Географиялык коомунда окумуштуу-катчы;
1992–1995-жылдары – К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтунда "Мөмө-жемишчилиги жана айыл чарба өсүмдүктөрүн кайра иштетүү" кафедрасынын ассистенти;
1995-жылы – Кыргыз Республикасынын УИАсынын ботаникалык бакчасынын ("Өсүмдүктөрдүн физиологиясы" лабораториясы) кенже илимий кызматкери;
1996-жылы – Кыргыз Республикасынын УИАсынын илимий кызматкери;
1999-жылы – "Ар-Намыс" саясий партиясынын мүчөсү, өлкөнүн түштүк аймагы боюнча партиянын координатору, андан кийин партиянын төрагасынын орун басары;
2001-2005-жылдары – "Азем" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси;
2008-жылы – "Табият" экологиялык кыймылынын менеджери;
2010-жылдын апрелинде Убактылуу өкмөттүн тескемеси менен Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
2010-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы "Ар-Намыс" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болуп шайланган.
2010-жылы – "Ар-Намыс" фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин мүчөсү.
2014-жылы 31-декабрда Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ЖКнын депутаты Бөдөш Мамырова КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган.
14-июлга карата жылнаама.