Ташкенттеги көчөлөрдүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын кеңири масштабда белгилөөнү буюруп, шаардагы көчөлөрдүн бирине анын атын ыйгарууну тапшырган. Мындан улам Ташкенттеги Бодомзор көчөсүнүн аты Чыңгыз Айтматов деп өзгөртүлгөн.
Ошондой эле улуу жазуучунун бюсту Ташкент облусунун Паркент районундагы №33-мектепке коюлары белгилүү болгон.