Конгантиевдин жактоочусу: "Бекназаров, Отунбаева адилеттүүлүктү ойлонгон жок, өздөрүн ойлоп, өздөрү үчүн коркуп жатат"

"Молдомуса Конгантиевдин ишинин кыскарышы мыйзамдуу болгон". Мындай пикирди SUPER.KG порталына анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Айткуловдун пикиринде, Молдомуса Конгантиевдин ишинде кылмыш курамы жок, ошондуктан иш кыскартылган.

"Конгантиевдин ишинде кылмыштын курамы жок болсо эмне үчүн иш сотко барышы керек. Кылмыштын курамы жок болгон учурда тергөөчү ишти кыскартат. Конгантиевдин ишинин кыскарышы мыйзамдуу. Тескерисинче, кылмыштын курамы жок болуп туруп иш сотко бара турган болсо, анда ал мыйзамсыз болмок", - деди Айткулов.

Ошондой эле жактоочу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү мыйзамдуулук үчүн эмес, өздөрү үчүн коркуп жатканын айтты.

"Азимбек Бекназаров өзү тууралуу эмнеге унчукпайт? Ал Текебаевдин ишинде жалган көрсөтмө бергени үчүн иш козголбоду беле. Конгантиевдин ишиндеги логика менен алсак, анда анын иши да сотко барышы керек болчу.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү болгон Бекназаров, Роза Отунбаева адилеттүүлүктү ойлогон жок. Алар өздөрүн ойлоп жатат, өздөрү үчүн коркуп жатышат. Алар Убактылуу өкмөттүн учурунда көп маселени мыйзамсыз жасаган иштери өздөрүнө жетип калуусунан коркуп жатышат. Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетишинде, Ош окуясында Убактылуу өкмөттүн күнөөсү бар, убагы келгенде жооп беришет.

Мисалы, эмне үчүн Конгантиевди сабагандарды жоопкерчиликке тартуу маселесин көтөрбөйт?! Керек болсо кылмышкерди сабаган да мыйзамсыз болуп эсептелет. Эмнеге тандап мамиле кылып жатышат?" - деди Айткулов.

Жактоочу Айткулов Конгантиевдин 7-апрелдеги ок атууга тиешеси жок экенин кошумчалады.

"Конгантиевге кылмыш иши туура эмес козголгон. Ал 2010-жылы 6-апрелдеги маалымат жыйынындагы "оппозиция тараптан мыйзамга каршы иш жасалса катуу чара көрүлөт" дегени үчүн айыпталууда. Ал ошол учурда мыйзамга каршы иш болсо чара көрүүгө милдеттүү болчу. Бул айткан сөзүнүн эртеси күнкү ок атууга байланышы жок. 7-апрелдеги ок атуу боюнча күнөөлөнүп Бакиев соттолгон. Эмне Конгантиев ок атууга күнөөлүү болсо, Бакиев күнөөсүз болуп чыгабы? 7-апрелде ал Бишкекте эмес, Таласта болгон. Бакиевге тагылып жаткан айып Конгантиевге тагылганы туура эмес, курал колдонууну Конгантиев уюштуруптурбу", - деди Айткулов.

Айта кетсек, 12-июлда Талас облусунда президент Сооронбай Жээнбеков Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан жана прокуратура президенттин тапшырмасынын негизинде Конгантиевге 2010-жылы козголгон кылмыш иштин кыскарганы боюнча иликтөөнү баштаган.
Ал эми мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге козголгон кылмыш иши 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп УКМК тарабынан кыскартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан