Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 15 жаштагы кыз Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринен табылды

Аламүдүн РИИБи тарабынан изделип жаткан Чүй облусунун Таш-Дөбө айылынын 15 жаштагы тургуну Айназик Жыргалбекова Ысык-Көлдөгү пансионаттардын биринен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

"Айназик Жыргалбекова Аламүдүн РИИБинин издөө бөлүмү тарабынан 12-июлда Ысык-Көлдөн табылган. Ал "Алтын жай" пансионатынын тамактануучу жайында официант болуп иштеп жаткандыгы маалым болгон. Табылган кыз Ысык-Көл шаардык РИИБине өткөрүлүп, андан ары ата-энесинин колуна тапшырылган", - дейт маалымат кызматы.

Эске салсак, Чүй облусунун Таш-Дөбө айылынын 2003-жылы туулган Айназик Жыргалбекова аттуу тургуну 9-июлда Кашка-Суу көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Мындан улам анын жакындары жардам сурап Аламүдүн РИИБине маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
taalay25
2018-07-14 14:03:41
Откоол курак
+3
bond02
2018-07-14 14:12:47
Дагы бироо алып барып... анан ишке киргизип койсо керек да.
0
Meken28
2018-07-14 14:48:50
Ata ene dagy urusha berse kk da,baikush kyz akcha kylyp juruptur,men es alyp jurot dep oilopmun
+5
aerforce
2018-07-14 15:08:54
Блиин билгендей Көлдө болсо керек деп жаздым эле биздеда ошондой болгон былтыр кошунабыздын кызы бир жума жок болуп издебеген жер калган эмес көрсө тааныштары менен көлдө жүрө бериптир
+1
kuba1983
2018-07-14 18:07:31
кандай болгон кундо да эсен аман табылыптыр шугур, анан дагы бир тан калыштуусу кээ бир кылмышкерлерди тутуп А.Н деп аты жонун кыскартып коюшат бул кызды так жазыптырго.
+6
taalay25
2018-07-15 11:18:07
kuba1983,издоо жарыяланган бул кызга кылмышка шектуу же допростогу адам эмес экообуздой эле толук кандуу жаран
0
Luna15
2018-07-14 21:12:58
Бизде адамдар деле кайдыгербиз,ата-энеси жок жалгыз журсо еще 18ге чыгалеги корунуп турса кантип жумушка алды деймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан