Өзгөн районунун акими болуп Бактыбек Алайчиев дайындалды

Ош облусунун Өзгөн районунун акими болуп Бактыбек Алайчиев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 13-июль күнү райондун мурдагы акими Олжобай Осмоналиев өз каалоосу менен арыз жазып, кызмат ордун бошоткон. Аталган кызматка Бактыбек Алайчиев келген. Тиешелүү буйрукка ошол эле күнү өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Бактыбек Алайчиев 2017-жылдан бери Өзгөн районунун акиминин орун басары болуп келген.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева Өзгөндүн мурдагы акиминин ишин сынга алып, эл нааразы болуп жатканын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
almanbetperm
2018-07-14 13:59:23
Кызылсенирликтерди ишке тартын эми
0
Tyty1990
2018-07-14 15:12:13
Аа жакшы, жакшы иштеп берсин эми
-2
asman.81
2018-07-14 17:50:54
Акимдин орун басары болуп журуп,козго коруноорлук,эл учун кылган кызматы бар бекен?Же комускодо оз комочуно кул тарткан,атка минерлердин катарында бекен?Озгон базарын коркпой жылдырып,борбордук кочолордо тазалыкты,тартипти орнотуп,эл учун кызмат кылганга кучу жетеер бекен?...
+2
Nevestkaa
2018-07-14 18:12:08
Өзгөндөгү больница,поликлиникалардагы ишке кабыл алуудагы паспорт столдогу коррупцияны жоюп берген аким келсе эле болду.Санэпстан.кызматкерлери базардагы ашканалардын тазалыгына көңүл бурса жакшы болот эле.
+2
BeKaLoVe
2018-07-15 02:29:55
Аябагандай жакшы киши мен иштешкемин бул киши менен, кичи пейил, жумшак сөздү орду менен сүйлөгөн. Эми гана ишке киришти, ийгиликтерди гана каалайбыз. Бардык нерсе бир күндө курулган эмес акырындык менен болот. Сабыр кылалы туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан