Молдовановкадагы №1-түзөтүү абагын кайтаруу учурунда өзүн-өзү атып алган 21 жаштагы жоокердин абалы оор. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы SUPER.KG порталына билдирди.
"Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 21 жаштагы А.М. аттуу жоокери абакты кайтаруу учурунда Калашников үлгүсүндөгү курал менен өзүн атып алган. Ок жоокердин кекиртегинен өйдө карай атылган. Окуя болгон жерден жоокер Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, ага операция жасалган. Бирок абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дарыгерлер жакшы болуп кетет деп айтууда", - деп билдирди маалымат катчы.
Ошондой эле Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин 4-ротасынын жоокери курал колдонуу эрежесин сактабагандыгы жана куралга шалаакы мамиле кылганы үчүн өзүн-өзү атып алган деп кошумчалады басма сөз кызматкери.
Эске салсак, кечээ, 13-июлда Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү абагын кайтарган жоокер өзүн атып алган.